ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Израиль Иранда аскердик буталарга кол салды, Төңкөрүш Гвардиясынын төрагасы каза болду
Израиль Ирандын башкы штабынын төрагасы Мухаммед Бакыри жана Төңкөрүш Гвардиясынын лидери Хүссейин Саламини өлтүрдү; Тегеранда жана башка аймактардан жарылуу үндөрү угулду.
Израиль  Иранда   аскердик буталарга кол салды, Төңкөрүш Гвардиясынын төрагасы каза болду
/ Reuters
19 саат мурун

Израиль Ирандын "өзөктүк жана аскердик объектилери” экендигин айткан жерлерге кол салып, Иран медиасы борбор шаар Тегеранда жарылуулардын болгонун жана башкы штабдын төрагасы Мухаммед Бакыри менен Төңкөрүш Гвардиясынын лидери Хүссейин Саламини өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Медиа : “Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын төрагасы, генерал - майор Мухаммед Бакыри шейит болду”,- деп билдирди.

Жума күнү болгон кол салууларда өлтүрүлгөн Бакыри 2016 - жылдан бери Иран армиясын башкарып жаткан жана Тегерандын баллистикалык ракета программасынын архитектору болуп саналат.

Салами болсо Ирандын аскердик лидерлигинин негизги ысымдарынан жана Төңкөрүш Гвардия корпкусунун алдыңкы командирлеринин бири.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кол салууларда генерал Гулам Али Рашид, армия командиринин орун басары жана өзөктүк илимпоздор Фаридун Аббаси, Мухаммад Махди жана Ахмед Реза Зулфикардын да каза болгонун кабарлады.

Мамлекеттик телеканал : “Борбор шаар Тегерандын түрдүү жерлеринен чоң жарылуу үндөрү угулууда”,- деп кол салууларда араларында жарандар да болгон көп сандаган кишинин каза болгондугун билдирди.

Мамлекеттик телеканал жардыруу үндөрүнүн Ирандын борбордук Исфахан провинциясындагы ири өзөктүк жай болгон Натанзда да угулганын кошумчалады.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Израилдин соккусун айыптап “эл аралык мыйзамдарды ачык бузуу” деп мүнөздөдү. Министрлик берген кыскача билдирүүсүндө Ирандын “чечкиндүү түрдө жооп кайтаруу укугун өзүнө калтыргандыгын” жана “Израиль режиминин агрессиясынын натыйжалары менен беттешерин” айтты.

Иран куралдуу күчтөрү да Израиль кол салуусуна “күчтүү жооп кайтарыларын” кошумчалап, Тель - Авивдин мунун чыгымын көтөрөрүн кошумчалады.

“Бардык чек араларда даярдык”

Кыска убакыт мурун Израиль армиясынан берилген маалыматта : “Бир нече IAF (Израиль аба күчтөрү) реактиви Ирандын түрдүү аймактарындагы өзөктүк буталар да болгон бир топ аскердик бутага карата кол салууларды камтыган биринчи этапты аяктады”,- деп билдирилди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израилдин Ирандын өзөктүк илимпоздорун бутага алганын ошондой эле Ирандын баллистикалык ракета программасына сокку урду деп билдирди.

Израилдин эмнеге сокку урганы азырынча белгисиз, бирок Тегерандын батышындагы Читгар конушунан түтүндүн көтөрүлүп жатканы билдирилди. Бул аймакта эч кандай белгилүү өзөктүк объектилер жок, бирок өлкөнүн башка аймактарына сокку урулуп же урулбагандыгы белгисиз.

Израильдин башкы штабынын төрагасы Эял Замир Израилдин он миңдеген аскерин чакыргандыгын айтты.

Замир : “Бардык чек араларыбызда даярбыз. Бизге каршы чыгууга аракет кыла тургандардын баарын эскертемин”,- деди.

АКШ Иранга кол салууда эч кандай ролунун жок экендиигн билдирди

Израилдик бир аскердик кызматкер Израилдин Ирандын өзөктүк объектилерин бутага алганын айтты.

Атынын аталышын каалабаган бир аскердик жетекчи уланып жаткан жана “аскердик позицияларды” да бутага алган кол салууга баа берди.

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Израиль армиясынын Иранга каршы чабуулдарды баштаганын жана ошол эле учурда бүткүл Израилде өзгөчө кырдаал жарыялаганын билдирди.

Кац ошондой эле Израилде "өзгөчө кырдаалдын" бар экенин жана жума күнү жалпы өлкөдөгү мектептердин жабыларын жарыялады. Ал бул чабуулдарды Тегеранга жасалган "алдын ала" чабуул катары мүнөздөдү.

Израилдин Коргоо министрлигинен берилген маалыматта : “Израилдин Иранга карата алдын алуучу чабуулунан кийин жакынкы убакта Израиль мамлекетине жана жарандарга карата бир ракета менен дрон чабуулу күтүлүүдө”,- деп билдирилди.

Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилдин бир тараптуу аракет кылганын билдирди.

Рубио: "Израиль бир тараптуу аракет кылды. Биз Иранга кол салууларга катышпайбыз",- деди.

“Иран АКШнын кызыкчылыгын же кызматкерлерин бутага албашы керек”.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us