Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлиги берген билдирүүдө Түркиянын Анкара менен Еревандын ортосунда уланып жаткан нормалдашуу процессине колдоо берүү чакырыгын дагы бир жолу кайталагандыгын белгиледи.
Министрлик «1915-жылдагы окуялар тууралуу тарыхый фактыларга жана эл аралык укукка каршы келген билдирүүлөрдүн толугу менен четке кагылгандыгын» билдирди.
Билдирүүдө мындай сөздөрдүн «өткөн күндөгү кыйынчылыктарды саясий максатта колдонууну максат кылган айрым өлкөлөрдүн жетекчилери тарабынан 1915 - жылдагы окуяларга байланыштуу жасалган билдирүүлөр жана демилгелердин эч бир күчүнүн жок экендиги» айтылып, Түркиянын ар дайым дүйнөнүн тынчтыгын, диалогун, өз ара түшүнүшүү жана аймактагы жалпы өнүгүүнү колдогондугу баса белгиленди.
«Бул түшүнүк менен Түркия 1915 – жылдагы окуялардын калыс жана илимий жактан изилдөө максатында архивдерди ачып, Орток Тарых Комиссиясынын түзүлүшүн сунуш кылды»,- деп айтылды.
Билдирүүдө «Радикалдуу чөйрөлөрдүн тарыхтан кастык жаратуу аракеттери колдоого алынбашы керек» да эскертилди.