Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф өлкөсүнүн Түркия менен соода, инвестиция, технология жана коргонуу сыяктуу ар түрдүү тармактарда кызматташтыкты дагы да бекемдөөгө «чексиз» чечкиндүүлүгүн ырастады.
Премьер-министрликтен берилген маалыматка караганда Шариф шаршемби күнү Исламабадда тышкы иштер министри Хакан Фидан жана коргоо министри Яшар Гүлер менен жолугуп, Пакистан менен Түркиянын ортосундагы эзелтен бери келе жаткан бир туугандык карым-катнаштардын орток тарых, маданият жана өз ара урмат-сыйга негизделгенин баса белгиледи.
Премьер-министрлик кеңсесинин билдирүүсүндө Шарифти вице-премьер жана тышкы иштер министри Мухаммед Исхак Дар, Башкы штабдын башчысы фельдмаршал Асим Мунир, коргоо министри Хаважа Мохаммад Асиф, улуттук коопсуздук кеңешчиси генерал-лейтенант Мохаммад Асим Малик жана башка жогорку даражалуу жетекчилердин коштоп жүргөнү да айтылды.
Премьер-министр эки тараптуу мамилелердин «позитивдүү» жүрүшүнө канааттангандыгын билдирди.
Шариф быйыл Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган менен өткөргөн жолугушууларын, анын ичинде 17-ЭКУ саммитинин алкагындагы акыркы жолугушуусун эске салып, Пакистан-Түркия карым-катнаштарын алдыдагы күндөрдө стратегиялык өнөктөштүккө айландыруу боюнча «чечкиндүү» позициясын дагы бир жолу кайталады.
Дар менен Фидандын тең төрагалыгы астында Биргелешкен комиссиянын жыйынынын өткөрүлүшүн кубаттаган Шариф, эки өлкөнүн мамилелери дагы да ылдамдап, көп тармактуу кызматташтык чыңдалат деген ишенимин билдирди.
Эки өлкөнүн бири-биринин негизги кызыкчылыктарына күчтүү жана үзгүлтүксүз колдоосун улантуу боюнча милдеттенмесин кайталаган Шариф, тез өзгөрүп жаткан аймактык жана глобалдык чөйрөдө тараптардын ортосундагы тыгыз координациянын зарылдыгын баса белгиледи.
Шариф Түркия элине жана жетекчилигине Пакистан менен Индиянын ортосундагы акыркы чыңалуулар учурунда көрсөткөн "туруктуу" колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.
Эки тараптуу сооданы арттыруу аркылуу 5 миллиард долларлык өз ара максатка жетүү үчүн эки тараптын биргелешип аракет кылуусу зарылдыгын баса белгилеген Шариф, Исламабаддын инвестицияга ыңгайлуу саясаттарына токтолуп, түрк фирмаларын Пакистандагы инвестицияларын кеңейтүүгө чакырды.
Ал ошондой эле түрк тарапты Пакистандын структуралык реформаларына, экономикалык өсүшүнө жана өнүгүү аракеттерине салым кошуу үчүн өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды.