АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин Иранга жасаган аба соккусун "сонун" деп сыпаттап, "дагы да көбү болорун" билдирди.
Жума күнү ABC News телеканалына маалымат берген Трамп кол салуулар тууралуу мындай деди: "Менин оюмча, бул кол салуулар сонун болду. Биз аларга мүмкүнчүлүк бердик, бирок алар аны колдонушкан жок. Аларга катуу сокку болду, абдан катуу. Эң оор соккуларды алышты. Жана бул уланат. Андан да көбү болот".
АКШнын кол салууларга түздөн-түз тиешеси барбы деген суроого Трамп так жооп берүүдөн баш тартып: "Мен бул боюнча комментарий бергим келбейт" деди.
‘Иран келишим түзүшү керек’
Трамп Иранды “эч нерсе калбай кала электе келишим түзүп, бир кезде Иран империясы деп аталган нерсени сактап калууга” чакырды.
Трамп Truth Social платформасында “Эми өлүм жок, кыйроо жок. БОЛГОНУ ЖАСАГЫЛА, ӨТӨ КЕЧ БОЛО ЭЛЕКТЕ,” - деп жазды.
Иранга дипломатия үчүн мүмкүнчүлүк бергенин, бирок Тегерандын андан пайдалана албаганын белгилеген Трамп: «Канчалык жакын келишсе да ишке ашыра алышкан жок»,-деди.
Ирандык расмийлерге абалдын “алар билгенден, күткөндөн же айтылгандан да жаман болуп кетерин” эскерткенин айткан Трамп, АКШ дүйнөдөгү “эң өнүккөн жана күчтүү аскердик жабдууларды” өндүргөнүн, Израилде да “бул жабдыктын “олуттуу бөлүгү” бар экенине басым жасады.