Ажылык дүйнө мусулмандары үчүн эң маанилүү ибадат болуп саналат жана Түркия да мунун ичинде. Ажылык ислам календары боюнча Зул-хижжа айынын 8нен 12не чейин созулат жана исламдын беш шартынын бири.
Азыркы күндө Меккеге бир нече сатта баруу мүмкүн болсо да аба жолу менен бара турган абалга келгенге чейин ал жерге баруу бир канча күнгө созулган кыйын сапар эле.
Тарыхый жактан алганда ажылар бул ыйык сапарга чыккандан мурда көптөгөн жылдар акча чогултуп, өздөрүн руханий жактан даярдап жолго чыгышчу.
1960-жылдардын башында туристтик фирмалардын көбөйүшү менен Меккеге уюштурулган ажылык сапарлар кеңири жайылды. Бул компаниялар зыяратчылардын руханий тажрыйбасын байытуу үчүн ыйык жайларга жана белгилүү диний инсандардын мүрзөлөрүнө алып баруу менен байытты.
Көптөгөн түрк ажы кургак жол аркылуу унутулгус сапарга чыкты. 1990-жылдарга чейин мындай кургак жол сапарлары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген. Бирок, аймактагы кризистерден улам Түркия Меккеге кургак жол аркылуу барууга тыюу салды.
Ал мезгилге таандык тур программалары, ажылар бара турган маршрутту жана алар токтой турган маанилүү жерлерди көрсөтөт.
Бул баалуу элестерди сактап калуу үчүн ажылар зыярат кылган жерлерде открыткаларды сатып алышкан.
Ажылык эстеликтерин жыйнаган коллекционер Фатих Кетанжы TRT World менен бул откырткалардан турган кызыктуу коллекциясын бөлүштү жана алардын руханий тажрыйбаларынын бай мазмунун көрсөттү.
Стамбул
Бул сапар адатта Стамбул сыяктуу шаарлардан башталат; бул жерде ажылар Мухаммед пайгамбар менен терең байланышы болгон Абу Айюб аль -Ансаринин мүрзөсүн зыярат кылышат. Бул жер жана аны менен байланыштуу маанилүү маданий мурастарга ээ.
Андан кийин ажылар Кожо Насреддиндин мүрзөсүн зыярат кылган Акшехирге карай жолго чыгышат. Кожо Насреддин тамашалуу жана акылман аңгемелери менен таанылган легендарлуу бир түрк фигура. Аңгемелери адамдын табияты, адеп - ахлак жана ишенич тууралуу терең сабак берет.
Конья
Кийинки аялдамалары Мевлана Желаледдин Руминин күмбөзү жайгашкан Конья. Руми сүйүү жана биримдик тууралуу насааттары менен таанылат жана бул насааттары чындыкты издегендерге чоң резонанс жаратат.
Караман
Ажылардын кийинки аялдамасы шаардын борборундагы Ак Текке мечитиндеги Руминин энеси Мумине Хатундун мүрзөсүнө барган Караман.
Тарсус
Жолун уланткан зыяратчылар легендарлуу Жети Уктоочу үңкүрү (Асхаб аль-Кахф) жайгашкан Тарсуска келишкен.
Ислам салтына караганда бул жер диний зулумчулуктан качуу үчүн үңкүргө баш калкалаган бир топ жаштар менен байланыштырылат жана бир кереметтин күчү менен кылымдар боюу укташкан.
Үңкүр ишенич жана туруктуулукту символдоштуруп, зыяратчыларга дем берет.
Шанлыурфа
Жол зыяратчыларды Шанлыурфага башкача айтканда Урфага алып барат; бул жерде ажылар Балыклыгөлдү (Халил ур Рахман көлү) зыярат кылышат.
Бул жерде Пайгамбар Ибрахимдин кереметтин күчү менен оттон кутулгандыгы айтылат.
Түрк ажылар акырында Түркия - Сирия чек арасынын түндүк тарабында жайгашкан Нусайбинге барышкан.
Сирия
Ажылар дүйнөнүн эң байыркы туруктуу отурукташуу жерлеринин бири болгон Дамаскка карай жолго чыгышкан; бул жерде Билал Хабашинин мүрзөсүн зыярат кылышат. Билал Хабаши тарыхтын алгачкы мүеззини.
Бул байыркы шаарда архитектуралык көркөмдүүлүгү жана мозаикалары менен белгилүү Эмеви мечитине да барышат. Мечит руханий эле бир жер эле болбостон, ошол эле учурда Кудстын куткаруучусу болгон Салахуддин Аюбинин да мүрзөсү.
Ирак
Түрк ажылары Ирактын Мусул шаарына барып салттуу түрдө Юнус пайгамбар дөңсөөсүнө чыгышкан. Бул жерде тарыхый Аль Наби Юнус мечити менен Юнус пайгамбардын мүрзөсү бар. Куранда «балыктын курсагындагы пайгамбар» деп аталат.
Бул жер 1400 жылдык тарыхка ээ жана чоң диний мааниге ээ.
Тилекке каршы 2024 - жылы ДЕАШ террордук уюму мүрзө менен мечитти жардырып жок кылды.
Андан кийин түрк ажылар Багдатка барат жана Имам Азамдын мүрзөсүн, башка аты менен Эбу Ханифени зыярат кылышкан. Абу Ханифа Ханифе сектасынын негиздөөчүсү. Абу Ханифа ислам укугунун өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон белгилүү ислам аалымы жана укук таануучу.
Оккупация астындагы Чыгыш Кудс
Меккеге баргандан мурда жол ажыларды Иордания аркылуу оккупациядагы Чыгыш Кудска алып барат; бул жерде Аль - Акса мечит комплексин зыярат кылышкан.
Бул жер исламдын эң ыйык жерлеринин бири жана Мухаммед пайгамбардын түнү асманга жасаган кереметтүү сапарынын башталышын белгилейт.
Андан кийин түрк ажылары Ибрахимдин мүрөзөлөрү орун алган Ибрахими мечитин зыярат кылуу үчүн Ел Халилге (Хебронго) барышкан.
Медина
Түрк ажылары Сауд Арабиядагы ыйык шаарлар Мекке менен Мединага баруу үчүн кенен чөл аянттарынан өтүп, жалпы дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар менен терең руханий сапарга чыгышкан.
Мединада исламдын экинчи эң ыйык жери болгон Пайгамбар мечитине барышат. Бул жерге Мухаммед пайгамбардын сөөгү коюлган.
Бул мечит Аль Масжид ан Набави деп да аталат жана пайгамбардын окууларынын жана жашоосунун түбөлүктүү мурасын чагылдырган руханий жарыктын булагы болуп саналат.
Ажылар сапарынын акырына жакындаганда зыяратчылар Жиддадан өтүп, бир жумага созулган сапарынын туу чокусуна даярданышат.
Мекке
Сапарлары исламдын эң ыйык шаары болгон Меккеде ажылык ырым - жырымдарын орундаткан жерде аяктайт.
Ажылар Аль Харам мечитинин чок ортосундагы ыйык Каабанын алдында келишет.
Кааба символдук түрдө кара жана алтын жабуусу менен жабылган жана жалпы дүйнөдөгү мусулмандардын сыйынуу жери.
Ажылар руханий жаңыланууларды жана Кудайга жакындыгын билдирген ырым - жырымдарды аткарышат.
Бул учур жана ыйык жерлерде аткарылган ажылык руханий тажрыйбасын байытып, аларды ислам тарыхынын бай мурасына айландырат.
Пайгамбарлардын жана сый көрсөтүлгөн ислам фигураларынын изи менен басып ишеничтеринин маңызына жакындашат.
Кайтуу жолу
Кувейт
Кайтуу жолунда ажылар Кувейт жана Ирактагы маанилүү тарыхый жана руханий жерлерди зыярат кылышат.
Ирак
Түрк ажылар Багдаддан экинчи жолу өтүп баратып Багдаддын Жунайд жана Абд ал Кадыр аль Гилани сыяктуу мистиктеринен шык алышат.
Бул инсандар ислам философиясы жана суфизмде өчпөс из калтырышкан.
Жолун Нежеф менен уланткан ажылар исламдын төртүнчү халифеси жана Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы болгон Имам Алинин күмбөзүн зыярат кылышат. Анын акылмандыгы жана лидерлиги, мусулман дүйнөсүндө даңазалуу.
Кербелада Имам Хүсейинди зыярат кылышат анын шейит болушу эрдиктин жана ыймандын символу.
Имам Хүсейиндин күмбөзү анын адилеттик жана тууралык үчүн күрөшүнүн эскертүүчүсү.
Бул ажылык руханий жана тарыхый тереңдиги жагынан бай жана ажыларды берилгендик, ишеним окуялары менен жарыктандырат.
Бул сапар бир гана жерлердин ортосундагы физикалык өткөөл эмес, руханий ачылыш үчүн көпкө созулган сапар; исламдын илахий жана даңктуу тарыхы менен байланышты тереңдетет.
Мусулмандар үчүн бул тажрыйба өмүрүндөгү эң негизги окуя.
Ажылык эскерүүлөр, түрк кимдиги жана маданиятынын негизи катары
Меккеге кеткен жол жасалма интеллект менен кайрадан долбоорлонду