Түркиянын адилет министри Йылмаз Тунч Президенттик Долмабахче кеңсесинде эл аралык маалымат каражаттарына кайрылып, Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу жана башка адамдарга карата жүргүзүлүп жаткан укуктук аракеттер саясий мүнөздө деген дооматтарды четке какты.
Министр Тунч, жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрдү саясатташтыруу аракеттерин сынга алып, Түркиянын сот системасынын көз карандысыз иш алып барарын баса белгиледи. "Тергөө башталгандан бери айрым чөйрөлөр иштин чоо-жайын билбей туруп, соттук териштирүүнү саясий жүйө менен жүргүзүлүп жаткан тергөө катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Тергөөнүн жүрүшүн президентибиз менен байланыштырууга аракет кылышты. Биз мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү четке кагабыз," - деди. "Конституциябыздын экинчи беренесине ылайык, Түркия Республикасы демократиялык укуктук мамлекет болуп саналат. Конституциябыздын 9-беренесине караганда, сот бийлигин калыс жана көз карандысыз соттор ишке ашырат".
Тунч Стамбулдун Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн жана жалпы 106 шектүүнү камтыган эки башка тергөө иши тууралуу маалымат берди. Биринчи иште жети адам террордук уюмга жардам берүү боюнча айыпталып, алардын үчөө камакта, бирөө соттук көзөмөлдө турат. Экинчи иште пара алуу, коррупция, алдамчылык жана мыйзамсыз маалымат чогултуу боюнча айыптар каралууда. 106 шектүүнүн 51и камакка алынып, 41и соттун чечими менен бошотулуп, 14ү издөөдө жүрөт.
Министр Тунч, иликтөөлөрдүн финансылык кылмыштын отчетторуна жана инспекторлордун корутундусуна негизделгенин белгилеп, саясий кийлигишүү дооматтарын кескин түрдө четке какты. "Соттук процесс айыптоолорду, коргонуу аргументтерин жана далилдерди ачык-айкын карап чыгып, чындык толугу менен ачыкка чыгат," - деди.
Тунч ошондой эле эл аралык тараптардын калыс эмес жана кош стандарттуу мамилелерин да сынга алды. "Тилекке каршы, эл аралык коомчулуктун айрым акыркы билдирүүлөрү мыйзам үстөмдүгүнүн негизги принциптерин эске албай жатат. Биз Түркияга карата мындай калыс эмес мамилелерди толугу менен четке кагабыз," - деп, көптөгөн өлкөлөрдө саясий ишмерлердин да соттук кароого туш болгонуна көңүлдөрдү бурду.
Түркиянын укуктук процесстерине сабырдуулук жана урмат-сый менен мамиле кылуу керектигин баса белгилеген Тунч, Европа өлкөлөрүн тең салмактуу мамиле жасоого чакырды. "Бир өлкөнүн ички укуктук системасына урмат-сый көрсөтүү негизги талап" - деди.