Орусиянын президенти Владимир Путиндин коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси Сергей Шойгунун Түндүк Кореяга барганын ТАСС маалымат агенттиги жума күнү кабарлады. Бул сапар эки өлкөнүн коопсуздук кызматташтыгы кескин жакшырган учурга туш келди.
Кабарда Шойгунун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуу планы бар экени да айтылды. Бирок ТАСС бул сапардын чоо-жайына байланыштуу кошумча маалымат берген жок.
Өткөн жылдын май айына чейин коргоо министри болуп иштеген Шойгу буга чейин да Пхеньянга барган. Ал кезде Пхеньян өкмөтү Украинадагы согушта Орусия тарапта салгылашуусу үчүн аскерлерин жиберүүгө камданып жаткан.
АКШ жана Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрү Түндүк Кореянын Орусиянын чыгышындагы Курск аймагында согушка катышуу үчүн 10,000ден ашуун аскер жөнөткөнүн, ошондой эле оор курал-жарактарды, анын ичинде артиллерия жана баллистикалык ракеталарды жеткиргенин билдиришкен.
Түндүк Кореянын анын ордуна Москвадан аскердик жана жарандык технология менен экономикалык жардам алганы болжолдонууда.
Пхеньян да, Москва да Түндүк Кореянын аскерлерди жана куралдарды жөнөткөнүн расмий түрдө тастыктаган эмес. Бирок өткөн жылдын июнь айында эки өлкөнүн лидерлери кол койгон стратегиялык өнөктөштүк келишими, анын ичинде өз ара коргонуу пактынын аткарылышы уланып жатканын белгилешти.