ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль Батыш Шериадагы 13 жерди демаркациялоо жана мыйзамдаштыруу планын бекитти
Оңчул каржы министри Смотрих бул кадамды, Израилдин Батыш Шериада "өз бийлигин" орнотуу жолундагы аракети катары мактады.
Израиль Батыш Шериадагы 13 жерди демаркациялоо жана мыйзамдаштыруу планын бекитти
/ AA
24 Март 2025

“Израилдин Коопсуздук кабинети, басып алынган Батыш Шериадагы 13 отурукташуу пунктун демаркациялоо жана мыйзамдаштыруу планын бекитти”, деп билдирди ашынган оңчул каржы министри Безалел Смотрих.

“Биз калктуу конуштарда нормалдаштыруу жана жөнгө салуу революциясын улантып жатабыз. Жашынып, кечирим суроонун ордуна – желек көтөрүп, куруудабыз жана отурукташып жатабыз. Бул аракет, Яхудия жана Самарияда (Батыш Жээк) чыныгы эгемендүүлүккө жетүү жолундагы дагы бир маанилүү кадам,” – деп билдирди Смотрих жекшемби күнү.

Отурукташуу пунктарын бөлүү чечими, ишемби күнү кечинде өткөрүлгөн Кабинет жыйынында кабыл алынган.

Палестинанын каршылык көрсөтүү тобу ХАМАС Израилдин бул кадамын “болуп жаткан абалды күч менен таңуулоо аракети” деп айыптады.

“Смотрихтин билдирүүсү, конуштардын бардык түрлөрү биздин элди жеринен жана ыйык жайларынан сүрүп чыгарууга, алардын жерлерин тартып алууга жана жек көрүндү апартеид режимин таңуулоого багытталган расисттик колонизация долбоору экенин тастыктайт. Бул эл аралык жана гуманитардык мыйзамдарга, конвенцияларга ачык каршы келет,” – деп айтылат ХАМАСтын билдирүүсүндө.

ХАМАС эл аралык коомчулукту Израилдин мыйзамсыз конуштарын кеңейтүүнү токтотууга чара көрүүгө чакырды.

770,000 мыйзамсыз израилдик конушчулар

Палестина булактары, 2024-жылдын акырына карата оккупацияланган аймактардагы 180 конуш жана 256 отурукташуу пунктунда болжол менен 770 миң мыйзамсыз израилдиктин жашаганын болжолдоодо.

Бириккен Улуттар Уюму басып алынган палестиналык аймактардагы бардык израилдик конуштарды эл аралык мыйзамдарга ылайык мыйзамсыз деп эсептейт жана алардын кеңейиши эки мамлекеттүү чечимге болгон аракеттерге коркунуч туудурарын эскертет.

Батыш Шериада чыңалуу күчөгөн бойдон калууда. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2023-жылдын 7-октябрында Газага чабуул башталгандан бери Израиль армиясы жана мыйзамсыз отурукташуучулардын кол салууларынан кеминде 937 палестиналык набыт болуп, 7 миңден ашууну жараат алды.

Июль айында Эл аралык Адилет Соту, Израилдин палестиналык аймактарды узак убакыттан бери басып алуусун мыйзамсыз деп жарыялап, Батыш Жээк жана Чыгыш Кудстагы бардык конуштардан чыгып кетүүгө чакырган.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us