ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Венгрия: НАТОнун коргонуу каржылоосунун 5% жетүүсү "оңой эмес"
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Евробиримдиктин НАТОнун коргонуу каржылоосунун максаттарын реалдуу аткаруусу үчүн жаңы бюджеттик механизмдер керектигин айтты.
Венгрия: НАТОнун коргонуу каржылоосунун 5% жетүүсү "оңой эмес"
Hungarian PM Orban says Russia is not strong enough to pose a real threat to Europe. / Reuters
15 саат мурун

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа Биримдигинин бюджеттик жөнгө салуу эрежелерин кайра карап чыгууга чакырып, учурдагы эрежелер менен НАТОнун ички дүң продукциясынын (ИДП) 5 пайызын коргонуу чыгымдарына бөлүү максатына эч бир мүчө мамлекеттин жете албай турганын эскертти.

Гаагада НАТОнун лидерлеринин жыйынынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Орбан, 5 пайыздык максатка жетүү мүмкүн экенин, бирок бул оңой болбой турганын айтты.

Журналисттерге: «Бул оңой иш эмес, бирок Евробиримдиктин бюджетин жөнгө салуу эсептөөлөрү толугу менен өзгөртүлүшү керек», - деген Орбан “Эгерде биз эрежелерди азыркыдай калтырсак, Европа Биримдигинде эч ким 5 пайыздык максатты аткара албайт. Ошондуктан баарын башкача ыкма менен кайра эсептешибиз керек”,-деп билдирди.

Экономикалык коркунуч

Орбан бүгүнкү күндө Европанын алдында турган эң чоң коркунучтун аскердик эмес, экономикалык экенин, чыныгы коркунучтун коопсуздук жагынан эмес, экономикалык жана глобалдык соодада атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготууга байланыштуу экенин айтты.

“Менимче Орусия бизге чыныгы коркунуч жарата тургандай күчтүү эмес. Биз андан алда канча күчтүүбүз”, - деп кошумчалады. Украина тууралуу болсо: “НАТОнун Украинада эч кандай иши жок. Украина да, Орусия да НАТОнун мүчөсү эмес. Менин милдетим да мунун ушундай бойдон калышын камсыз кылуу”,-деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us