ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Индиядагы авиакырсыктын курмандыктарынын саны 279га жетти
Индияда авиакырсыктан каза болгондордун саны 279га жетти, үмүтсүз күтүп жаткандар да кабар күтүшүүдө.
Индиядагы авиакырсыктын курмандыктарынын саны 279га жетти
/ AA
13 саат мурун

Air India компаниясына таандык Boeing 787-8 Dreamliner учагы бейшемби күнү түшкө жуук жерге кулаардан мурда жардам сурап сигнал берген жана өрттөнүү менен турак жай имараттарына урунган.

Ишемби күнү полициянын маалыматы боюнча, Индиянын түндүгүндөгү Ахмедабад шаарында болгон бул кырсыктан 279 адамдын сөөгү табылган. Бул 21-кылымдагы эң чоң авиациялык кырсыктардын бири катары катталды.

Жерге кулаган учактагы 242 жүргүнчү менен экипаждын ичинен бир гана адам аман калган. Учактын куйругу медициналык кызматкерлердин жатаканасынын ичинен сыртка чыгып калган. Жерде да кеминде 38 адам каза болду.

«Уулумду эки жылдан кийин биринчи жолу көрдүм, бул абдан сонун учур болду», - деди Анил Пател. Уулу менен келини учакка түшөр алдында ага күтүүсүз конокко келишкен. «Азыр болсо... эч нерсе жок», - деп көзүнө жаш алган аял: «Кудайдын буйругу болду», - деди.

Кара кутуну издөө

Кырсыкка кабылган жүргүнчүлөрдүн жакындары Ахмедабадда ДНК үлгүлөрүн тапшырып жатышат, айрымдары бул үчүн Индияга учуп келүүгө аргасыз болушту. Расмий каза болгондордун саны ДНК идентификациясы аяктаганга чейин такталбайт.

Air India компаниясы учакта 169 индиялык, 53 британиялык, 7 португалиялык жана 1 канадалык жүргүнчү менен 12 экипаж мүчөснүн болгонун билдирди. Каза болгондордун арасында жогорку даражалуу саясатчыдан баштап өспүрүм чай сатуучуга чейин түрдүү адамдар бар.

Жалгыз аман калган 40 жаштагы Вишваш Кумар Рамеш, ал кантип аман калганын түшүндүрө албай турганын айтты. «Башында мен дагы өлөм деп ойлогом, бирок көзүмдү ачып, тирүү экенимди түшүндүм», – деп билдирди ооруканадан Британиянын жараны Рамеш улуттук DD News телеканалына.

Авиация министри Рам Мохан Найду Кинжарапу жума күнү жасаган билдирүүсүндө учуу маалыматтарын жазуучу кара кутунун табылганын, мунун кырсыкты иликтөөгө «чоң жардам» берерин билдирди. Эксперттер учак жерден 100 метр (330 фут) көтөрүлгөндөн кийин эмне үчүн кулап кеткенин иликтөө үчүн экинчи кара кутуну издеп жатышат.

Америкалык учак өндүрүүчүсү Boeing Air India менен байланышта экенин жана "толук колдоого даяр экенин" билдирди. Окуя боюнча маалыматы бар булак, бул 787 Dreamliner учагы менен болгон биринчи кырсык экенин белгиледи.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us