Сириянын Саламаттыкты сактоо министрлиги, куралдуу топтор Сувайда улуттук ооруканасынан чыгып кеткенден кийин оорукананын ичинде ондогон карапайым тургундун жана коопсуздук кызматкерлеринин сөөгү табылганын жарыялады.
Министрликтин билдирүүсүндө: “Мыйзамсыз иш алып барган куралдуу топтор чыгып кеткенден кийин Сувайда Улуттук ооруканасынан ондогон адамдын сөөгү табылды” деп айтылды. Каза болгондордун арасында коопсуздук күчтөрү жана карапайым жарандардын бар экени кошумчаланды.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул топтор ооруканага кирип, анын айланасындагы чатырларга снайперлерди жайгаштырышкан жана Сирия армиясынын бөлүктөрүн бутага алышкан.
Саламаттыкты сактоо министри Мусаб аль-Али мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде, Израилдин аба соккулары медициналык кербендин шаарга жетүүсүнө тоскоол болгонун айтты.
«Израилдик учактар кыймылдаган ар бир унааны бутага алууда», – деген Мусаб кербенде 15 тез жардам унаасы, 10 хирург жана медициналык жабдуулар жүктөлгөн эки жүк ташуучу унаа бар экенин кошумчалады.
Мамлекеттик SANA агенттигинин кабарына караганда, Ички иштер министрлиги шаршемби күнү ок атышпоо келишими түзүлгөнүн жана анын негизинде Сувайданын толугу менен борбордук өкмөттүн көзөмөлүнө өтөөрүн ырастады.
Бул ок атышпоо келишими Дамаск, Дараа жана Сувайда баш болгон өлкөнүн түштүк-батыш бөлүгүндө уланып жаткан Израилдин чабуулдарынын көлөкөсүндө түзүлдү.
Израиль армиясы болсо операциялардын максатынын өлкөнүн түштүгүндөгү друз азчылыгын коргоо экенин айтууда.
Акыркы күндөрү Сувайдада друз согушкерлери менен бедуин куралдуу топторунун ортосунда унааларды өз ара тартып алуудан улам кагылышуулар болгону билдирилди.
Ички иштер министрлиги кол салуудан 30дан ашуун адам каза болуп, 100гө жакын адамдын жаракат алганын кабарлады.