Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков орус маалымат агенттиктерине “Москва менен Киевдин тынчтык жана ок атышууну токтотуу боюнча меморандумдун бирдиктүү текстин иштеп чыгуу процесси татаал болот, ошондуктан акыркы так датаны аныктоо мүмкүн эмес” деп кабарлады.
РИА мамлекеттик маалымат агенттиги, Песковдун шейшемби күнү эртең менен журналисттерге: “Так мөөнөт жок, болушу да мүмкүн эмес. Ар бир адам муну мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүнү каалап жатат, бирок албетте майда-чүйдөсүндө маселе жатат,” – деп билдиргенин жазды.
"Долбоорлорду орус жана украин тарап даярдайт, бул документтердин долбоорлору бөлүшүлөт жана андан кийин бирдиктүү текстти иштеп чыгуу үчүн кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт", - деди Кремлдин басма сөз катчысы.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы үч жылдык согушка тынчтык орнотуу максатында дүйшөмбү күнү Орусиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Европа Биримдигинин, Франциянын, Италиянын, Германиянын жана Финляндиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Трамп сүйлөшүүдөн кийин Орусия менен Украинанын дароо ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштай турганын билдирди.
Путин Орусиянын “келечектеги ыктымалдуу тынчтык келишими боюнча макулдашууга жетишүү үчүн украин тарап менен иштешүүгө даяр” экенин айтты.
АКШнын президенти ошондой эле эки өлкө тең Ватиканда ок атышпоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрсө абдан жакшы болорун жана мунун кээ бир чыңалууну басаңдата аларын маалымдады.