АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды кандайдыр бир өч алууга барбоо боюнча эскертип, АКШ Ирандагы башка буталарга өтөөрүн айтты. Трамп ошондой эле АКШ Ирандын өзөктүк объектилерин «жок кылганын» айтты.
Жекшемби күнү эртең менен Ак үйдөн улуттук телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Трамп: «Же тынчтык орнойт, же Иран үчүн акыркы сегиз күндө көргөнүбүздөн алда канча чоң трагедия болот»,-деди.
Трамп: «Бир канча саат мурда эле АКШ армиясы Иран режиминин үч негизги өзөктүк объектилерине, Фордо, Натанз жана Исфаханга масштабдуу так сокку урду. Биз бул аталыштарды көп жылдардан бери угуп келебиз, анткени алар бул коркунучтуу кыйратуучу ишкананы куруп жатышкан», - деп кошумчалады.
«Биздин максатыбыз Ирандын өзөктүк байытуу мүмкүнчүлүгүн жок кылуу жана терроризмдин дүйнөдөгү номер биринчи демөөрчүсү болгон бул мамлекеттин өзөктүк коркунучун токтотуу болчу», - деди Трамп.
АКШнын кол салуусун «эң сонун аскердик ийгилик» деп мүнөздөгөн Трамп: «Ирандын негизги өзөктүк байытуу объектилери толугу менен жана бардыгы жок кылынды»,-деди.
АКШ президенти Иранды «Жакынкы Чыгыштын бейбашы» деп сыпаттады жана Тегеран «азыр тынчтыкка барышы керек» деди. Ал буга кошумча: «Эгер андай кылбаса, келечектеги чабуулдар алда канча чоңураак жана жеңил болот»,-деп айтты.