Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Орусия, Украина жана Америка Кошмо Штаттарынын лидерлери катыша турган саммит өткөрүүнү сунуш кылып Стамбулду «тынчтыктын борборуна» айландырууну каалаганын билдирди.
Дүйшөмбү күнү министрлер кабинетинин жыйынынан кийин сүйлөгөн сөзүндө Эрдоган "эң чоң тилеги" Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Стамбулда же Анкарада жолугуштуруу экенин маалымдады.
Орусия жана Украинанын делегациялары Стамбулда сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы үчүн жолугуп жаткан учурда билдирүү жасаган Эрдоган, ал тургай Трампты да алып келүүнү каалаганын айтты.
Эрдоган эгерде лидерлер Түркияга чогулса "мен да бул жолугушууга катышып, Стамбулду тынчтыктын борборуна айландыруу үчүн аракет кылам" деди.
Жекшемби күнү Орусияда болгон окуялардан кийин дүйшөмбү күнү өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдү "маанилүү жетишкендик" деп сыпаттады. Бул окуяда Украина тарабынан 162 дрон колдонулган массалык түнкү аба чабуулунда 40тан ашуун орус аскердик учактары бутага алынган.
Сириядагы жагдай
Сириядагы жагдайга да токтолгон Эрдоган: "Сирия туруктуулукка жана тынчтыкка жетишкен сайын, анын бардык коңшулары жана аймактагы бардык өлкөлөр мындан пайда көрөт" деп билдирди.
Эрдоган Европа өлкөлөрүнүн Сирияга карата санкцияларды алып салуу чечимин жогору баалады.
Түркиянын президенти ошондой эле, түрк компаниясы AJetтин Сирияга туруктуу каттамдарды ишке ашыруусунан тышкары, Сириянын авиакомпаниясы да жакында Түркияга каттамдарды баштай турганын жарыялады.