ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Украина Россиянын жаңы кол салууларында оор жоготууга учурап жатат
Украина Россиянын жаңы чабуулдарынан кеминде 20 адамдын каза болуп, 40тан ашуунунун жаракат алганын билдирди. Бул чабуулдарда түрмөлөр, ооруканалар менен турак жайлар бутага алынды.
Украина Россиянын жаңы кол салууларында оор жоготууга учурап жатат
/ AP
29 Июль 2025

Аймактык бийликтер шейшемби күнү билдиргендей, Украинада түнкүсүн жасалган чабуулдардан кеминде 20 адам каза болуп, 40тан ашууну жаракат алды.

Россия Запорожье облусуна сегиз жолу чабуул жасап, абакты бутага алды. Аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров Telegram каналынан 16 адам каза болуп, 35нин жаракат алганын, өзгөчө мекемелердин кыйрап, айланасындагы үйлөрдүн зыян тартканын билдирди.

Аймактык өкмөт өкүлдөрү Днепропетровск облусундагы башка чабуулдарда каза болгондор менен жаракат алгандардын саны көп экендигин билдиришти. Ошол эле учурда аймактык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак Telegram каналында Каменское шаарына ракеталык чабуул жасалып, эки адамдын каза болгонун, бешөөсүнүн жаракат алганын жана оорукананын зыян тартканын жарыялады.

Лысак Синельниковский районундагы дагы бир кол салууда бир адамдын каза болгонун, бир нече кишинин да жаралангандыгын билдирди. Дүйшөмбү күнү кечинде Великомихайливскадагы башка бир кол салууга байланыштуу Telegram баракчасынан: "75 жаштагы аял каза болуп, 68 жаштагы эркек киши жаракат алды жана жеке менчикке зыян келтирилди",- деп жазды.

Аймактын убактылуу губернатору шейшемби күнү Россиянын түштүгүндө Украинанын учкучсуз учуучу аппаратарынын чабуулунда бир адам каза болгонун билдирди.

Ростов облусунун убактылуу губернатору Юрий Слюсар Telegram баракчасынан: "Островский көчөсүндө унаа жабыркады. Тилекке каршы, ичиндеги айдоочу каза болду",- деп жазды.

Киев 2022-жылы чабуул башталгандан бери негизинен чоң өлчөмдө коргоого алынган аймактарда жаңы ийгиликтерге жетишкен Россиянын жайкы чабуулунун мизин кайтарууга аракет кылууда.

Дем алыш күндөрү орус армиясы аймактагы биринчи кыштакты басып алгандан бир нече жумадан кийин Днепропетровскидеги “Малиевка конушун бошоткондугун” жарыялады.

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Москвага Украинадагы кагылышууну токтотуу үчүн "болжол менен 10 же 12 күн" берди, болбосо катаал санкцияларга кабылышы мүмкүн экендигин билдирди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us