Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяху туткундарды алмашуу жана ок атышпоо келишимине карата уланып жаткан сүйлөшүүлөргө карабастан израилдиктердин Газадагы согушту улантууда чечкиндүү экенин айтты.
Нетаньяху X социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө, Газанын түндүгүндөгү кагылышууларда беш израилдик аскердин шейит болгонун, Израиль эли үчүн кайгылуу күн экендигин айтты.
Газада согуштун максаттарына жетүү үчүн чечкиндүү экендерин да билдирди.
Нетаньяху согуштун максаттарын “бардык барымталарды боштууну камсыз кылуу, Хамастын аскердик жана административдик мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу, Газанын эми Израиль үчүн коркунуч туудурбоосун камсыздоо” деп аныктап мунун Хамастын мындан ары жок экенин билдиргенин кошумчалады.
Жыйынтыгында Израилдин премьер-министри бардык израилдик туткундардын бошотуларын, ХАМАСтын таасирсиз абалга келтирилерин жана жок кылынарын, Газа мындан ары Израилге коркунуч туудурбай турганын белгилеп, миссияларын аякырына чыгара электигин кошумчалады.
Бир тараптан Haaretz гезитинин кабарына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткофф ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу боюнча буга чейин төрт пикир келишпестиктин болгонун бирок эми бирөөсүнүн гана калганын билдирди.
Виткофф ушул жуманын аягына чейин 60 күндүк ок атышпоого жол ача турган келишимге жетишүүдөн үмүт кылгандарын айтты.
Кечээ жаслаган бир билдрүүдө Израиль армиясы Газада Кфир бригадасынын Нетза Йехуда батальонунан беш Израиль аскеринин каза болгонун жарыялады.
2023 - жылы 7 - октябрда Израилдин Газага карата кол салууларын баштагандан бери каза болгон Израиль аскерлеринин саны 888ге жеткени маалымдалды.