Кытай дүйшөмбү күнү Гонконгго байланыштуу маселелер боюнча "катаал жүрүм-турумдары" үчүн америкалык конгрессмендер, расмий адамдар жана бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) жетекчилерине санкция киргизээрин кабарлады.
"Гонконг Кытайга таандык жана Гонконг менен байланышкан маселелерге АКШнын кийлигишүүсүнө жол бербейт. АКШ тарабынан Гонконг темасында жасалган туура эмес кадамдарга Кытай чечкиндүү түрдө жооп кайтарып, тиешелүү каршы чараларды көрөт," – деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Го Цзякун Бээжинде журналисттерге.
Бул кадам Вашингтон ушул айдын башында алты жогорку даражалуу кытайлык жана гонконгдук аткаминерлерге санкция киргизгенден кийин жасалды. АКШ бул санкциялардын "эл аралык кысым" жана Гонконгдун автономиясынын бузулушунан улам киргизилгенин билдирген.
АКШ бийлиги Пекин жана Гонконгдун аткаминерлерин Гонконгдун улуттук коопсуздук мыйзамдарын чет өлкөлөрдө колдонуп, демократияны жактаган 19 активистти өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлап, алардын оозун жаап, куугунтукка алды деп айыптаган.