Америка Кошмо Штаттарынын Украинага артиллериялык снаряддарды жана мобилдик ракеталык артиллериялык ракеталарды жөнөтүп жатканын америкалык эки жетекчи Reuters жана Associated Press агенттигине билдирди. Бул окуя президент Дональд Трамп администрациясынын Киевге бир нече маанилүү курал ташууну токтоткондон кийин болду.
Өткөн аптада айрым куралдардын жеткирилишинин токтотулушу АКШнын аскердик запастарынын жетиштүүлүгү боюнча кооптонуулар менен байланыштуу экендиги белгиленген. Жетекчилер Коргоо министри Пит Хегсеттин Пентагондун курал запастарын карап чыгышына мүмкүнчүлүк берүү максатында өткөн жумада бул токтотуу чечимин чыгаргандыгын айтышты. Бул чечимдин Ак үйдү таң калтыргандыгы билдирилди. Пентагон болсо Хегсеттин президент Дональд Трамп менен кеңешпестен кыймыл кылды деген айыптоолорду четке какты.
Аты аталбаган жетекчилер шаршемби күнү билдирүү жасап, Украинага 155 мм артиллериялык снаряддарды жана GMLRS (мобилдик ракеталык артиллерия) ракеталарынын берилгенин айтышты. Бирок расмий канча курал жөнөтүлгөнү жана жеткирүү аяктадыбы же жокпу, маалымат беришкен жок. Өзгөчө бул жаңы жеткирүү администрациянын саясатында өзгөрүү барбы же жокпу анык эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшемби күнү билдирүү жасап, өзгөчө абадан коргонуу боюнча маанилүү аскердик жабдууларды жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн Америка Кошмо Штаттары менен байланыштарды кеңейтүү боюнча тапшырма бергенин,айтты.
Маанилүү учур
Бул чечим Украина менен Россиянын бири-бирине чабуул жасаган учурга туш келди.
Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү бейшемби күнү эртең менен Киевди орус дрондорунан экинчи түн катары менен коргоду. Жетекчилер шаар борборундагы көп кабаттуу үйдө өрт чыкканын жана ар башка аймактарга дрондун сыныктарынын түшкөнүн билдиришти.
Украина армиясы Telegram аркылуу шаарга ракеталык чабуул болушу мүмкүн экени тууралуу эскертүү берди. Мэр Виталий Кличко Telegram каналында Шевченковский борбордук районунда эки турак жайда өрт чыкканын билдирди. Ал шаардын ар кайсы райондоруна өзгөчө кырдаалдар боюнча кызматкерлердин жөнөтүлгөнүн айтты.