Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони бейшемби күнү Израилдин Газага жасаган кол салууларында аймактагы жалгыз католик чиркөөсүнүн жабыркаганын, ал эми ANSA маалымат агенттиги кол салууда эки аялдын каза болгонун билдирди.
«Израилдин Газага жасаган кол салууларында Ыйык Үй-бүлө чиркөөсүнө да атылды»,-деген Мелони, жарандарга жасалган мындай кол салууларды «кабыл алынгыс»,- деп мүнөздөдү.
Кол салуудан Палестина аймагындагы жалгыз католик чиркөөсү болгон Ыйык Үй-бүлө чиркөөсү зыян тартты. Ватикан комментарий берүүдөн баш тартты, бирок Израиль армиясы окуя боюнча иликтөө баштаганын жарыялады.
«Кабыл алынгыс»
Италиянын ANSA маалымат агенттиги кол салууда алты кишинин оор жаракат алганын, Израилдин палестиналыктарга каршы согушу тууралуу маркум Папа Францискке үзгүлтүксүз маалымат берген чиркөөнүн дин кызматчысы Габриэле Романеллинин бутунан жеңил жараланганын билдирди.
Премьер-министр Мелони билдирүүсүндө : «Израилдин Газага жасаган кол салууларында Ыйык Үй-бүлө чиркөөсү да атылды. Израилдин бир нече ай бою карапайым элге кол салуусу кабыл алынгыс. Эч бир аскердик аракет мындай жүрүм-турумду актай албайт",- деди.