Ирандын жергиликтүү басылмаларынын маалыматына караганда, Захедандагы сот имаратына болгон теракттан кеминде беш киши каза юолуп, он үчү жаракат алды.
Ишембиде белгисиз куралчан адамдар Ирандын түштүк-чыгышындагы Захедан шаарында башкы соттун имаратына теракт жасашты. Жарым расмий Fars News агенттигинин маалыматына караганда, кол салгандар сот имаратынын комплексине ок атышты.
Кол салуудан кийин дароо окуя болгон жерге ыкчам топтор жана коопсуздук күчтөрү келди. Жабыркагандар же кыйроолор тууралуу так маалымат жок жана жетекчилер кол салгандардын өздүгү же артында кимдердин бар экендиги тууралуу расмий билдирүү бере элек.
Систан жана Белужистан провинциясынын борбору болгон Захедан буга чейин Пакистан жана Афганистан чек араларына жакын аймактарда иш алып барган куралдуу топторго кол салуулары менен зомбулуктарына дуушар болгон.