Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Украина менен Орусиянын ортосунда бейшемби күнү Стамбулда өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрү, согушуп жаткан эки тарап үчүн жаңы башталышка жол ачат деп үмүттөнөрүн билдирди.
Хакан Фидан НАТОнун тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: «Үч жылдык азаптан кийин мүмкүнчүлүк терезесинин ачылганын көрүп жатабыз»,-деди.
Орусия менен Украинанын Стамбулда түз тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрөрү күтүлүүдө. Бул акыркы эки жылдын ичиндеги биринчи жолугушуу болот. Түркия дагы бир жолу бул сүйлөшүүлөргө кожоюндук кылып, ортомчулук милдетин аткарат.
Фидан: “Стамбулда боло турган сүйлөшүүлөр бизди жаңы бир барак ачууга алып барат деп үмүттөнөм”,-деди.
Фидан ошондой эле НАТОнун жалпысында АКШнын Техас штатынан Түркиянын борбору Анкарага чейин коопсуздук тармагын түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
НАТОнун расмий эмес жыйынынын экинчи күнүндө журналисттерге маалымат берген Фидан, Евро-Атлантика аймагында болуп жаткан маанилүү окуяларга токтолду.
“Союздаш өнөктөштөр катары бүгүн биз коргонуу жүгүн бөлүштүрүүнү кантип башкаруу, коргонуу өнөр жай базасын кантип бекемдөө жана Украинага кантип тынчтык алып келүү боюнча маанилүү талкууларды жүргүзөбүз,” – деди.
Фидан бул жыйын июнь айында Гаагада өтө турган НАТО саммитине да негиз даярдай турганын кошумчалады.
Анталья менен Стамбулда дипломатиялык аракеттер бир убакта жүрүп жаткандыктан, Түркия өзүн НАТОнун негизги союздашы гана эмес, эл аралык чыр-чатактарды чечүүдө таасири өсүп жаткан дипломатиялык борбор катары көрсөтүүдө.