Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөсүнүн Азербайжан менен тынчтык келишиминин долбооруна кол коюуга даяр экенин билдирди.
“Армения менен Азербайжандын ортосундагы келишимдин долбоору макулдашылды жана кол коюуга даяр. Макулдашылган долбоорго кол коюуга даярмын”, – деген Пашинян шаршемби күнү X платформасынан жасаган билдирүүсүндө чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.
Пашиняндын бул билдирүүсү, өткөн бейшемби күнү Азербайжан менен Армения өз-өзүнчө тынчтык келишиминин долбоору боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялагандан кийин айтылды. Бул келишим ондогон жылдарга созулган жаңжалды токтотуп, Баку менен Еревандын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүүгө багытталган.
Эки мурдагы советтик республиканын ортосундагы мамиле 1991-жылы Армения эл аралык аренада Азербайжандын аймагы деп таанылган Карабакты жана анын тегерегиндеги жети аймакты басып алгандан кийин курчуп кеткен.
2020-жылдын күзүндө 44 күндүк согуш учурунда Азербайжан бул аймактардын көбүн куткарган. Бул согуш Орусиянын ортомчулугу менен тынчтык келишими аркылуу аяктап, эки өлкө ортосунда нормалдашуу жана чек араларды аныктоо сүйлөшүүлөрүнө жол ачкан.
2023-жылдын сентябрында Азербайжан аймактагы жикчил күчтөрдүн багынып бериши менен Карабахта толук суверенитетке жетишкен.