Палестиналык каршылык көрсөтүү кыймылы ХАМАС Газа тилкесиндеги согушту токтотуу, Израилдин аскерлерин чыгарып кетүү жана палестиналыктарга шашылыш гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ортомчулардан сунуш алганын ырастады.
ХАМАС шаршемби күнү :“Биз жогорку жоопкерчилик менен мамиле кылып, (Египет жана Катар ортомчуларынын) сунуштарын талкуулоо үчүн улуттук кеңешүүлөрдү өткөрүп жатабыз”, – деп билдирди.
“Бул сунуштар агрессияны токтотууга, Израилдин аскерлерин чыгарып кетүүгө жана Газадагы элибизге тез арада жардам көрсөтүүгө багытталган.”
Билдирүүдө ортомчулардын “тараптардын ортосундагы ажырымды жоюу жана олуттуу сүйлөшүүлөргө жол ачкан алкактык макулдашууга жетүү үчүн активдүү аракеттерди көрүп жатышканы” белгиленди.
Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар да шаршемби күнү жасаган билдирүүсүндө өлкөсүнүн ХАМАС менен макулдашууга жетүү боюнча олуттуу экенин айтты.
Саар Эстониянын борбор шаары Таллинде өткөргөн маалымат жыйынында: “Барымтадагыларды бошотуу жана ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетүүгө чындап кызыкдарбыз. (АКШнын атайын өкүлү Стив) Уиткофтун сунуштарына макулдук бердик”, – деп билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө Израилдин аймакта 60 күндүк ок атышууну токтотуу боюнча “зарыл шарттарды” кабыл алганын жана ХАМАСты бул сунушту кабыл алууга чакырганын айтты.
Эл аралык коомчулуктун ок атышууну токтотуу чакырыктарына карабастан, Израиль армиясы Газа тилкесинде геноциддик согуш жүргүзүүнү улантууда. 2023-жылдын октябрь айынан бери көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон 57,000ден ашуун палестиналыкты өлтүрдү.
Өткөн жылдын ноябрь айында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана анын мурдагы коргоо министри Йоав Галлантка Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн камакка алуу ордерин чыгарган.
Израиль өзгөчө аймактагы согушунан улам Эл аралык сотто геноцид доосу менен бетме - бет келип турат.