Улуу Британия биринчи жолу MI6 кызматына аялды дайындаганын премьер-министрдин кеңсеси билдирди.
Блез Метревели MI6нын 18-башчысы болуп, күзүндө кете турган сэр Ричард Мурдун ордуна келет.
Премьер-министр Кейр Стармер бул дайындоону «тарыхый» деп баалады жана коопсуздуктун учурдагы чакырыктарынын алдында чалгындоо кызматтарынын маанилүү ролун баса белгиледи.
«Улуу Британия болуп көрбөгөндөй масштабдагы коркунучтарга туш болууда»,-деп айткан Стармер Мурга «күжүрмөн кызматы» үчүн ыраазычылык билдирди.
Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Блез Метрвелинин улуттук коопсуздук боюнча чоң тажрыйбасын мактап, аны «MI6ны келечекке жетектөө үчүн идеалдуу талапкер» деп мүнөздөдү.

Метревели учурда MI6нын Q бөлүмүнүн башкы директору, технология жана инновациялар үчүн жооптуу, агенттикке 1999-жылы талаа офицери катары кошулган.
Ал мурда ички чалгындоо агенттиги болгон MI5де директорлук кызматтарды аркалаган жана карьерасынын көп бөлүгүн Жакынкы Чыгышта жана Европада оперативдүү ролдордо өткөргөн.
Кембриджде билим алган антрополог Метревели «британ элинин коопсуздугун сактоо жана Улуу Британиянын кызыкчылыктарын чет өлкөлөрдө илгерилетүү» үчүн кызматты жетектеп жатканына сыймыктанарын айтты.
«Мен MI6нын эр жүрөк офицерлери, агенттери жана биздин көптөгөн эл аралык өнөктөштөр менен бул ишти улантууну чыдамсыздык менен күтөм»,- деди Метревели.