Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Израиль менен кеңири тынчтык келишимине жетишүү үчүн АКШнын президенти Дональд Трамп менен иштешүүгө даяр экенин айтты.
Палестинанын расмий кабар агенттиги Wafa кабарлагандай, Аббас шаршемби күнү Трампка кат жазып, Трамптын Израиль менен Ирандын ортосунда ок атышууну токтотууга ортомчулук кылган ийгиликтүү аракеттери үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Аббас Иран менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишимин «дүйнөнү каптаган кризистерди басаңдатуу үчүн зарыл жана маанилүү кадам» деп сыпаттап, мунун аймактын коопсуздугу жана ырааттуулугуна да оң таасирин тийгизе турганын айтты.
Эки өлкөнүн ортосунда 12 күнгө созулган аба согушунан кийин дүйшөмбү күнү Трамп Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжалды токтотуу үчүн ок атышпоо келишимин жарыялады.
"Газада ок атышууну токтотуу Трамптын палестиналыктардын, израилдиктердин жана бүткүл дүйнөнүн ортосунда адилеттүү жана кеңири тынчтыкка жетишүү үчүн жасаган критикалык аракеттерине кошумча кадам болот" деди Аббас.
Палестинанын лидери Аббас Трамп, Сауд Арабия жана эл аралык коомчулук менен «тынчтык убадасын аткаруу, баары үчүн коопсуздук жана туруктуулукка жетишүү» үчүн иштөөгө даяр экенин билдирди.
«Сиз менен бирге мүмкүн эместей көрүнгөн нерсеге жетише алабыз: таанылган, эркин, эгемендүү жана коопсуз Палестина; таанылган жана коопсуз Израиль; жана тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана интеграцияга ээ болгон аймак», - деп жазды Аббас Трампка жолдогон катында.