Украинанын аба күчтөрү ишемби күнү эртең менен Россиянын түн ичинде Украинага 183 учкучсуз учак жана эки баллистикалык ракета менен кол салгандыгын жарыялады.
183 учкучсуз учуучу аппараттын 77синин атып түшүрүлгөнү, калган 73үнүн эч кандай зыян келтирбестен кулаганы билдирилди.
Орус бийликтери жума күнү кечинде Украина ишке ашырган, дрондор менен жаслаган чоң масштабдагы кол салуусунда кеминде төрт кишинин жаракат алгандыгын билдирди.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, түн ичинде алты аймакта Украинанын 170ке жакын дрону атып түшүрүлдү.
Министрлик кол салууну тууралуу : “ "Өткөн түнү саат 22:00дөн 05:00гө чейин (Москва убактысы, GMT1900-0200) абадан коргонуу системалары тарабынан Украинага таандык 170 учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды жана бөгөттөлдү",- деп жарыялады.
Ошондой эле, түштүктөгү Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев Новороссийск порт шаарынын эң оор зыянга учураган шаар болгондугун билдирди.