Россиянын атынан сүйлөшүүлөргө катышкан Кирилл А. Дмитриев Стамбулда орус жана украиналык делегациялардын жолугушуусу "ушул убакка чейинки эң чоң туткундарды алмашуу чечими" жана "ишке ашчуу ок атышпоо варианттарын аныктоо" менен аяктаганын билдирди.
Дмитриев ишемби күнү эртең менен берген билдирүүсүндө түрк шаарында өткөн жолугушуунун "позицияларды түшүнүү жана диалогду улантуу" менен аяктаганын белгиледи жана мунун АКШ президенти Дональд Трамп жана анын командасынын жардамысыз мүмкүн болбой турганын кошумчалады.
Дмитриев Россиянын байлык фондунун жетекчиси
Россия - Украина согушун токтотуу аракетинин алкагында Түркия уюштурган жогорку деңгээлдеги тынчтык сүйлөшүүлөрү жума күнү Стамбулда аяктады.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан делегацияларга кайрылуу сөзүндө: "Биз бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, тынчтык жолунда алдыга жылышыбыз керек. Күн сайын кечигүү дагы адам өмүрүн жоготууга алып келет", - деди.
Фидан Түркиянын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн эки тараптан 1000 туткунду алмашуу жана ок атышууну токтотуу боюнча жазуу жүзүндөгү шарттарды бөлүшүү келишимине алып келгенин айтты.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы иш-чарада сөз сүйлөп, Түркиянын дүйнөлүк дипломатиядагы ролун мактап, "гуманитардык дипломатиянын желегин көтөрүүчү" жана "тынчтык дипломатиясын жетектеген" өлкө экендигин айтты.
Негизги катышуучулар
АКШ делегациясынын курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, Түркиядагы элчи Том Барак жана Украинанын атайын өкүлү генерал Кит Келлогг орун алды. Украинанын атынан президенттик кеңсенин башчысы Андрей Ермак, коргоо министри Рүстем Умеров жана тышкы иштер министри Андрей Сыбиха өкүлчүлүк кылды. Түркиянын делегациясында Улуттук Чалгындоо Уюмунун башчысы Ибрахим Калын да орун алды.
АКШ президенти Дональд Трамп Бириккен Араб Эмирликтеринде журналисттерге берген маалыматында Россиянын президенти Путиндин бул жумада Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпоо чечимин АКШнын президентинин түрк шаарында болбогонуна байланыштырганын билдирди.
Ошол эле учурда Зеленский жума күнү АКШ жана Франциянын президенттери, Германиянын канцлери, Улуу Британия жана Польшанын премьер-министрлери менен сүйлөштү.
Зеленский Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн форматы жана күтүүлөрү талкууланганын, максаттарынын ок атышууну токтотуу жана узак мөөнөттүү чечимдерди түзүү экендигин айтты.
"Украина чыныгы тынчтык үчүн мүмкүн болушунча ылдам кадам таштоого даяр”,- деген Зеленский дүйнөлүк биримдиктин турмуштук мааниге ээ экендигин кошумчалады.
Зеленский эгерде Россия толук жана шартсыз ок атышууну токтотуудан баш тартса, кошумча эл аралык санкциялардын киргизилиши керектигин айтып : “Россия согушту токтотууга даяр болгонго чейин кысым жасоо улантылышы керек", - деди.
Туткундарды алмашуу келишими жана ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр
Стамбулда Долмабахче сарайында орус жана украин делегацияларынын жолугушуусунан кийин Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Россия менен Украина согуш башталгандан бери өткөргөн эң чоң туткун алмашууну ишке ашыруу тууралуу келишкенин ырастады.
Умеров эки тараптын үч маселеге басым жасаганын белгиледи: ок атышууну токтотуу, согуш туткундарын алмашуу жана мамлекет башчыларынын ортосунда мүмкүн болуучу жолугушуу.
"Жолугушуу аяктады. Биз ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу маселелерин талкууладык. Учурда 1000 туткунду 1000 туткунга алмашуу боюнча макулдаштык. Бул биздин жолугушуунун жыйынтыгы", - деген Умеров, алмашуу датасынын белгиленгенин, бирок азырынча ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.
Орус делегациясынын башчысы, президент Путиндин кеңешчиси Владимир Мединский Москванын Украинанын Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди.
"Биз үч нерсе боюнча макулдаштык. Биринчиден, жакынкы күндөрдө 1000 кишилик кеңири масштабдуу туткун алмашуу болот", - деди Мединский.
Украин тарап мамлекет башчыларынын арасында түздөн түз сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүн талап кылды жана ал эми орус делегациясынын бул өтүнүчтү "эске алганын" кошумчалады.
"Үчүнчүдөн: Биз эки тараптын тең ок атышпоо тууралуу келечектеги көз карашын көрсөтүп, аны кеңири баяндап бериши тууралуу макулдаштык”,- деди.
Мындай көз караш сунушталгандан кийин тараптар сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты, деп сөзүн жыйынтыктады Мединский.
Трамп жума күнү берген билдирүүсүндө согушту токтотуу үчүн "мүмкүн болушунча кыска убакытта" Путин менен жолугушарын айтты.
Дүйнөлүк реакциялар
Жума күнү Тиранада Европанын 47 лидеринин катышуусу менен Европанын саясий шериктештигинин алтынчы саммити башталды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана ЕБнын тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Кая Каллас Россияга каршы жаңы санкциялар пакетинин даярдалып жатканын билдиришти.
Фон дер Ляйен санкциялар жазалоочу гана эмес, ошол эле учурда Россияны сүйлөшүү столуна отургузуу үчүн кеңири стратегиянын бир бөлүгү экендигин кайталады. "Биз Путинди сүйлөшүү столуна алып келүү үчүн дагы көп нерсе жасоого даярбыз. Көптөгөн сөз сүйлөөчүлөр муну айтышты, бул согуш токтошу керек... биз санкциялардын кийинки топтомунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Стамбулдагы жолугушууну "оң сигнал" катары кабыл алып, дипломатияны улантууга чакырды.
"Акыркы күндөрү бул согушту токтотуу үчүн жетиштүү дипломатиялык аракеттерди жасабаганыбызды ким айта алат? Азыркы учурда туура эмес иш кылып жаткан жалгыз адам — Путин. Ок атышууну токтотуу үчүн бардык шарттар бар эле", - деди Мерц.
"Алардын үч жарым жылдан бери биринчи жолу жолугуп жатышы өтө кичинекей аракет бирок биринчи оң сигнал. Биз бул багытта көбүрөөк аракет кылышыбыз керек", - деп кошумчалады немис лидер.
"Менимче, Путин сүйлөшүүлөргө төмөн деңгээлдеги делегация жөнөтүү менен ката кетирди", - деди НАТОнун баш катчысы Марк Рютте.
БУУ жума күнү эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык аракеттерин алдыга жылдыруу максатында Стамбулда өткөн Россия - Украина сүйлөшүүлөрүн ыраазычылык менен кабыл алгандыгын өкүлү аркылуу билдирди.
БУУ Түркия менен АКШнын "маанилүү ролун" баса белгиледи.