Орусия менен Украинанын ортосундагы 25 жашка чейинки туткундарды алмашуунун биринчи этабы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды.
Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү билдиргендей, Стамбулдагы түз сүйлөшүүлөрдүн негизинде Украинанын аймагынан 25 жашка чейинки орус аскерлеринин биринчи тобу кайтарылган.
Министрликтин маалыматына ылайык, бул туткундарга жооп катары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн туткунга алынган аскерлери Киевге өткөрүлүп берилген. Орус аскерлери учурда Беларусиянын аймагында болуп, зарыл болгон психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Министрлик бардык орус аскерлери мекенине кайтарылып, министрликтин медициналык мекемелеринде дарыланып, реабилитациядан өтөөрүн билдирди. Бирок туткундардын так саны тууралуу маалымат берилген жок.
Зеленскийдин билдирүүсү
Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Telegram баракчасында Стамбулда жетишилген макулдашуунун негизинде Орусия менен туткундарды алмашуу ишке ашырылганын билдирди.
Зеленскийдин айтымында, туткундарды алмашуунун натыйжасында украиналык аскерлер үйлөрүнө кайтарылган. Ал мындай деп кошумчалады: "Алмашуу бүгүн башталды жана алдыдагы күндөрдө бир нече этап менен уланат."
Зеленский бул туткундарды алмашуу өтө кылдат жана татаал шарттарда жүргүзүлгөнүн, бул боюнча күн сайын талкуулар болгонун белгилеп: "Учурда кайтарып жаткан адамдардын арасында жарадарлар жана оор жаракат алгандар, ошондой эле 25 жашка чейинкилер бар",- деп айтты.
Зеленский бардык украиналык туткундар үйлөрүнө кайтарылышы керектигин баса белгилеп, мындай деди: "Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө жетишилген гуманитардык маселелер боюнча макулдашуулар толук аткарылышын күтөбүз. Биз ар бир адамды кайтаруу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Бул боюнча бардык деңгээлде иштеп жатабыз."
2-июнда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 6000 украиналык аскердин тоңдурулган сөөктөрүн өткөрүп берүү, ошондой эле оор жаракат алгандарды, оорулууларды жана 25 жашка чейинки туткундарды алмашуу боюнча макулдашууларга жетишилген.