Германиянын түштүк-батышындагы токойлуу аймакта аймактык жүргүнчү поезд рельстен чыгып, үч адам каза болуп, бир нечесинин да жаракат алгандыгы билдирилди.
Кырсык жекшемби күнү кечки саат 6:10 чамасында Баден-Вюртемберг штатындагы Ридлинген шаарынын жакынында болгон. Поездде болжол менен 100 жүргүнчү болгон.
Жетекчилер жаракат алгандардын саны жана алардын абалы тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартышты. Бирок, Bild басылмасынын маалыматына ылайык, куткаруучулар 50гө жакын адамдын жаракат алганын билдиришкен.
Германиянын темир жол оператору Deutsche Bahn кырсыктан бир нече адам каза болуп, көптөгөн адамдын жаракат алганын ырастады. Алардын айтымында, эки вагон «азырынча белгисиз себептерден» улам рельстен чыккан.
Оператор кырсыктын себептерин иликтөө иштеринин жүрүп жатканын жана 40 чакырым аралыктагы темир жол каттамынын убактылуу токтотулганын билдирди.
Германиянын маалымат каражаттары аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана катуу бороон-чапкындын аймакта жер көчкүгө алып келип, кырсыкка себеп болушу мүмкүн экенин кабарлашты.
Жүргүнчү поезд Сигмаринген шаарынан Улм шаарына бара жатканда токойлуу аймакта рельстен чыккан.
Эскирген темир жол инфраструктурасы
Германиянын канцлери Фридрих Мерц социалдык тармактагы билдирүүсүндө каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
«Мен ички иштер министри жана транспорт министри менен тыгыз байланышта болуп, куткаруучуларга мүмкүн болгон бардык жардамды көрсөтүүнү сурандым», – деп билдирди Мерц X платформасынан.
«Курман болгондор үчүн аза күтүп жатабыз. Алардын жакындарына көңүл айтам».
Кырсык болгон жерден тартылган видеолордон сары жана боз түстөгү вагондор капталынан жаткандыгы, өрт өчүргүчтөр жана куткаруучулардын жүргүнчүлөргө жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.
Жергиликтүү SWR телеканалынын маалыматына ылайык, кырсыктан кийин тез жардам тик учактары жаракат алгандарды жакынкы ооруканага жеткирүү үчүн келди жана жакын жерлердеги ооруканалардын дарыгерлерине кабар берилди.
Германиянын транспорт системасы жүргүнчүлөр тарабынан эскирген инфраструктурасынан улам көп сынга алынууда. Жүргүнчүлөр көп учурда поезддердин кечигүүсүнө жана техникалык көйгөйлөргө туш болушат.
Өкмөт алдыдагы бир нече жылда инфраструктураны жаңыртуу үчүн бир нече жүз миллиард евро инвестициялоону убада кылды.
2022-жылдын июнь айында Германиянын түштүгүндөгү Бавария Альп тоолоруна жакын жерде поезд рельстен чыгып, төрт адам каза болуп, ондогон адам жаракат алган.
Германиядагы эң чоң темир жол кырсыгы 1998-жылы Төмөнкү Саксониянын Эшеде шаарында болгон. Мамлекеттик Deutsche Bahn компаниясына таандык жогорку ылдамдыктагы поезд рельстен чыгып, 101 адам каза болгон.