Түркиянын тышкы иштер министри, Европа лидерлеринин дүйнө бир нече таасир чөйрөлөрүнө бөлүнүп кала турган болсо эмне кылуу керектигин билбей жатканын баса белгиледи.
Бейшемби күнү TV100 телеканалына маалымат берген Хакан Фидан: “Улуу Британияны, айрым Европа өлкөлөрүн жана Түркияны камтыган түзүлүш аймакта өзүнүн тартылуу борборун түзө алат. Бул жөндөм бар, мүмкүнчүлүк бар. Болгону эркти коюп, аны ишке ашыруу керек,” – деди.
Министр Фидан: “Эгерде Түркия 2007-2008-жылдары Европа Биримдигине кабыл алынганда Улуу Британия биримдиктен чыкмак эмес деп” сереп салып: “Түркия менен Британияны камтыган түзүм Европа Биримдигинин ичинде өзүнүн тышкы саясат жана коопсуздук архитектурасын алда канча эрте өнүктүрмөк,” – деп айтты.
Фидан ошондой эле Европа Биримдигинин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн 800 миллиард евро бөлгөндүгүн баса белгиледи. Европа өлкөлөрү коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга аракет кылып жаткан учурда Түркиянын бул тармакта жылдызы жанганын айтты.
Көптөгөн Европа армиясынын согуш талаасында сыналган техникалары менен Түрк куралдуу күчтөрүндөй күчтүү болбогонун билдирген Фидан, АКШнын «коопсуздук кол чатырын тартып алуу» ыктымалынын европалыктарды өз кадамдарын таштоого түртүп жатканын айтты.
Европа Биримдигине мүчөлүк – артыкчылыктуу багыт
TV100 телеканалына маегинде Хакан Фидан, Түркиянын Европа өлкөлөрү менен түздөн-түз мамилелеринин жакшы абалда экенин да баса белгиледи.
“Биздин Европанын жалпы өлкөлөрү менен соода көлөмүбүз 200 миллиард доллардан ашат. Бул дүйнөдөгү эң тең салмактуу соода көлөмү,” – деди ал.
2019-жылы белгилүү бир деңгээлде үзүлгөн ЕБ мекемелери менен карым-катнаштарды оңдоонун кыйын экенине көңүл бурган Фидан, Европа Биримдигине мүчөлүктүн дагы деле стратегиялык приоритет экенин, бирок ЕБнин бул темага бирдей мамиле кылбаганын түшүндүрдү.
Министр сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптын кызыкчылыктарын эске алган конструктивдүү позицияны кармануу ниетин билдирди.
Орусия-Украина согушу
Хакан Фидан Орусия-Украина согушунун Түркия баш болгон Европа өлкөлөрүнүн бири-бирин коргоо чечкиндүүлүгүн сынай турганын да айтты.
Украинадагы согушту кантип токтотуу керектиги боюнча пикир келишпестиктерге көңүл бурган Фидан: “Украинадагы согуштун башталышы тараптарды бөлдү, эми анын аякташы да бөлүп жатат. Түркиянын башынан бери айткан билдирүүлөрүн азыр АКШ айтып жатат,” – деди.
Анкара башынан бери Орусия менен Украинанын ортосундагы үч жылдан ашуун убакытка созулган согушту сүйлөшүүлөр аркылуу токтотууга чакырып келген. Бул ыкма азыр АКШнын президенти Трамп тарабынан жактырылууда.
Ок атышпоо же тынчтык болушу үчүн тараптардын көптөгөн темада макулдашуусу керектигин баса белгилеген Фидан, НАТО ичинде Украинада ок атышпоону көптөн бери жактаган жалгыз өлкөнүн Түркия экенин билдирди.