Баку менен Еревандагы өкмөт өкүлдөрү тараткан маалыматка караганда, Израиль өткөн аптада Иранга кол салууну баштагандан бери 700дөн ашуун чет элдик жаран Ирандан коңшу Азербайжан жана Арменияга өтүштү.
Кавказ өлкөлөрү Ирандын түндүк-батышына чектеш жайгашкан. Азербайжанга эң жакын чек ара өтмөгү Тегерандан болжол менен 500 чакырым алыстыкта.
“Израиль менен Ирандын ортосундагы аскердик чыңалуу башталгандан бери, 17 өлкөнүн 600дөн ашуун жараны Азербайжан аркылуу Ирандан эвакуацияланды”, – деп шейшемби күнү AFP агенттигине өкмөттүк булак билдирди.
Эвакуацияланган адамдар Каспий деңизинин жээгиндеги Астара чек ара өтмөгү аркылуу өтүп, Бакунун аэропортуна жеткирилүүдө жана эл аралык каттамдар менен өз өлкөлөрүнө жөнөтүлүүдө.
Эвакуациялангандардын арасында Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу мурдагы советтик өлкөлөрдүн, ошондой эле Германия, Испания, Италия, Сербия, Румыния, Португалия, АКШ, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Вьетнамдын жарандары бар.
Азербайжан 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам кургактык чек араларын жапкан жана ошондон бери аларды ачкан эмес.
"Эвакуация зарылчылыгына байланыштуу Азербайжан Ирандан чыгып жаткандар үчүн чек арасын убактылуу ачты", — деди расмий өкүл.
Еревандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян журналисттерге, Индиянын Армения аркылуу Ирандан 110 жаранын эвакуациялаганын кабарлады.
Польшанын Тышкы иштер министрлиги, Тегерандагы элчилигинин айрым кызматкерлерин Баку аркылуу эвакуациялай турганын билдирди.
“Өлкөдө калуунун зарылдыгы жок персоналды эвакуациялоону же чыгып кетүүсүн колдоону чечтик”, – деди тышкы иштер министринин орун басары Генрика Мосцицка-Дендис журналисттерге.
Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болгон Түркмөнстан Ирандан эвакуацияланган 120дай адамдын, негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын өз аймагынан өтүүсүнө уруксат бергенин билдирди.
Израиль жума күндөн бери Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө максатында сокку урууда. Бирок Иран муну четке кагууда.
Жекшемби күнү жарыяланган расмий маалыматтарга караганда, Израилдин соккусунан кеминде 224 киши набыт болуп, 1000ден ашуу киши жаракат алды.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Иран жооп иретинде жума күндөн бери Израилде бир катар чабуулдарды жасап, кеминде 24 кишинин өмүрүн алганын билдирди.