ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан Индияга каршы "Бунян-ун-Марсоос" аскердик операциясын баштады
Пакистан армиясы Кашмирдин Индиянын башкаруусу астындагы бөлүгүндө жайгашкан Патанкот жана Удхампур аймактарындагы "Брамос" ракета сактоочу жайларын жана аба базаларын аткылагандыгын билдирди.
Пакистан Индияга каршы "Бунян-ун-Марсоос" аскердик операциясын баштады
/ Reuters
10 Май 2025

Индия Пакистандагы үч аба базасына ракеталык кол салуу жасагандан кийин Пакистан да “Бунян-ун-Марсоос" деп аталган жооп кайтаруу операцияларын баштады.

Пакистандын мамлекеттик маалымат каражаттары ишемби күнү эрте мененки сааттарда: "Бунян-ун-Марсоос операциясы башталды”,- деп билдирди.

Билдирүүдө өзгөчө :"Жооп кайтаруу чабуулдарында Индиядагы бир нече жер бутага алынууда. Буньян-ун-Марсоос деген сөз "бекем түзүлүш" же "өтүлгүс дубал" дегенди билдирет”,- деп айтылды.

Пакистан армиясы билдиргендей, бутага алынган жерлердин арасында Индиянын Брахмос ракеталарын сактоочу жайы жана Индиянын башкаруусундагы Кашмирдеги Патханкот жана Удхампур аба базалары бар.

Reuters маалымат агенттиги Индиянын аскердик булактарына таянып, учурда Пакистанда Индиянын аба чабуулдарынын жүрүп жаткандыгын билдирди.

Тургундар Индиянын башкаруусундагы Кашмирдин бир нече жеринде катуу жарылуу үндөрүнүн угулгандыгын маалымдашты.

Ишемби күнү талаштуу аймактагы эки чоң шаар – Сринагар менен Жамму жана Удхампур гарнизондук шаарында жарылуу үндөрү угулду.

Индиянын ракеталары

Пакистан армиясынын катчысы Пакистандын кол салууларынан мурда Индиянын Пакистандын ичиндеги үч аба базасына ракета аткандыгын бирок ракеталардын көпчүлүгүнүн тоскоолдукка учурагандыгын билдирди.

Бул акыркы абалдар өткөн айда Индиянын Пакистанды айыптаган бир куралдуу кол салуудан кийин күчөгөн кагылышуудагы акыркы абалды көрсөтүүдө.

Исламабад сөз болгон бул кыргында ролу бар деген ырастоолорду четке кагып, эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылганбирок Индия бул талапты четке каккан.

Индия армиясы жума күнү кечинде билдирүү жасап, Пакистан менен чектеш болгон Индиянын аймактарда Сринагар шаары да болгон Кашмирдин Индиянын башкаруусундагы 26 аймагында дрондордун байкалганын айтты.

Индиянын билдирүүсүндө дрондордун көрүнгөндүгү жана кийлигишүүнүн болгондугу айтылды.

Индия армиясы : "Абал тыкыр көзөмөлдө жана зарыл болгон учурда тез арада чара көрүлүүдө," - деп билдирди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us