Кытай флоту жума күнү үчүнчү жана эң жаңы "Фуцзянь" авианосеци Тайван кысыгы аркылуу өтүп, Түштүк Кытай деңизинде "илимий изилдөө сыноолорун жана машыгуу тапшырмаларын" аткарганын жарыялады.
Флот аймактык сыноолордун "авианосец куруу процессинин нормалдуу бөлүгү" экенин билдирди. Кытай Аскер-Деңиз Флотунун өкүлү Ленг Гуовэй мунун"эч кандай конкреттүү максатка багытталбаганын" айтты.
Бирок, Сингапурдагы С. Раджаратнам эл аралык изилдөөлөр мектебинин улук илимий кызматкери Коллин Кох сыяктуу аналитиктер Фуцзяндын Тайвань кысыгы аркылуу өтүшү "Кытайдын күчтүү аскердик держава катары өсүп жатканын жана деңиз державасы катары таасирин көрсөтүү" максатында болгонун белгилешти.
Кох : "Бул Кытайдын жаңы аскердик күчүн көрсөтүү жана мүмкүн болгон каршылаштарга олуттуу белги берүү үчүн жасалган кадам", - деди.
Кытайда учурда эки учак ташуучу кеме иштеп жатат — Ляонин жана Шандун, ал эми Фуцзянь азыркы учурда деңиз сыноолорунан өтүүдө.
Ошол эле учурда, Тайвандын Улуттук коргоо министрлиги жума күнү "биргелешкен чалгындоо, байкоо жана көзөмөл каражаттарын колдонуп, кырдаалды толук көзөмөлдөп, тиешелүү чараларды көргөнүн" билдирди.
Япониянын Коргоо министрлиги бейшемби күнү түштөн кийин Кытайдын үч аскердик кемесинин талаштуу Сенкаку аралдарынын (Кытайда Дяоюй аралдары деп аталат) түндүк-батышынан 200 чакырым алыстыкта түштүк-батышка карай жылып бара жатканын аныктаганын билдирди.
Министрлик : "Булардын арасында Фуцзянь учак ташуучу кемеси Япониянын деңиздеги өзүн-өзү коргоо күчтөрү тарабынан тастыкталды”,- деп билдирүүдө.
Япония июль айында Кытайдын аскердик ишмердүүлүгүнүн күчөшү анын коопсуздугуна "олуттуу таасир этиши мүмкүн" деп билдирген жана өткөн августта Кытайдын аскердик учагынын аба мейкиндигине биринчи жолу киргенин эске салган.
Кытай жума күнү Жээк коопсуздук күчтөрүнүн флотилиясынын "Дяоюйдао аралдарынын аймактык сууларында күзөттө жүргөнүн" билдирди.
Кеңейүү аракеттери
Кытайлык аскердик серепчи Сонг Чжунпингдин айтымында, Түштүк Кытай деңизи "башка деңиздерге караганда бир топ татаал шарттарды түзүп, Фуцзян үчүн сыноолорду бир топ кыйындатат.
Сонг Франс Пресс агенттигине Фуцзяндын деңиз сыноолорунан өтүп, кошумча адаптивдик машыгууларды аяктагандан кийин активдүү кызматка кириши мүмкүн экенин айтты.
Советтер Союзунда курулган Кытайдын эң эски учак конуучу кемеси "Ляонин" 2012-жылы ишке кирсе, "Шандун" 2019-жылы иштей баштаган.
Вашингто борбору болгон CSIS аналитикалык борборунун аналитиктери Фуцзянь Кытайдын аба күчтөрүнө оор жүктөрдү жана көбүрөөк күйүүчү май ташыган учактарды жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү өнүккөн учуруу системалары менен жабдылышы күтүлүүдө деп билдирди.
Кытай Тынч океандагы таасирин кеңейтүү жана АКШ баштаган альянска каршы чыгуу үчүн акыркы жылдары деңиз күчтөрүн кыйла кеңейтти.
АКШнын Коргоо министрлиги декабрь айындагы отчетунда Кытайдын дүйнөдөгү эң чоң деңиз күчтөрүнө ээ экенин, 370тен ашык согуштук кемелер жана суу астындагы кемелер менен камсыздалганын билдирген.
Пекин июнь айында Ляонин жана Шандун кемелеринин батыш Тынч океанында согуштук машыгууларды өткөргөнүн билдирген, бул Япония жана аймактагы коңшуларын тынчсыздандырган.
Тайвандык коопсуздук кызматкери дагы июнь айында Пекиндин май айында эки авианосецтик топту аралдын айланасына жайгаштырганын билдирген.
Кытай Коммунисттик партиясы Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептеп, аны күч колдонуу жолу менен басып алууну четке какпайт.