САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Түштүк Кореяда бийликтеги партия мурдагы премьер - министрди президентикке талапкер көрсөттү
Бийликтеги партия келерки айдагы шайлоодо талапкерликке Ким Мун-суну көрсөткөн.
Түштүк Кореяда бийликтеги партия  мурдагы премьер  - министрди президентикке талапкер көрсөттү
/ Reuters
10 Май 2025

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары ишемби күнү өлкөдө бийликтеги партиянын президенттикке талапкер катары мурдагы премьер  - министр Хан Дак – суну тандагандыгын жарыялады.

Йонхап маалымат агенттигинин маалыматына караганда бул чечим Хан менен Элдин  күчү партиясынын ( ЭКП) ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин чыгарылды. Элдин күчү партиясы буга чейин келерки айдагы шайлоодо талапкер катары Ким Мун – суну көрсөткөн.

Элдин күчү партиясы Кимдин талапкерлигин жокко чыгаруу процессин баштоо үчүн чукул жыйынга чакырды. Расмий чечимдин жекшемби күнү жарыяланышы күтүлүүдө. Ким бул кадамды катуу сынга алып, муну "түн жарымындагы саясий төңкөрүш" деп мүнөздөгөн.

Кимдин ишемби күнү Элдин күчү партиясынын лидерлигинин чечимине тоскоол болуу үчүн Сеулдагы сотко чукул түрдө чара көрүү үчүн кайрылгандыгы да маалымдалды. Ким буга чейин талапкерликтен алынуу чечимине каршы мыйзамдуу жана саясий кадамдарды таштай тургандыгын билдирген.

Ким Мун Су : "Түн ортосунда саясий төңкөрүш болду. Бул антидемократиялык акт Түштүк Кореянын конституциялык тарыхында гана эмес, дүйнөлүк тарыхта да болбогон окуя", - деди

Ким өзгөчө : «Бул жагдайдан жооптууларды мыйзамдуу жана саясий жактан жоопко тартамын»,- деп эскертти.

Түштүк Кореяда Конституциялык сот мурдагы президент Юн Сук Ёлду кызматтан алгандан кийин 3-июнда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрөт.

JoongAng Ilbo гезитинин акыркы сурамжылоосуна ылайык, Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён 47 пайыз колдоо менен жарышта алдыда, 23 пайыз менен Хан, 13 пайыз менен Ким жана 4 пайыз менен Реформа партиясынын талапкери Ли Джун Сок келе жатат.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us