The New York Times гезити АКШнын Сириянын түндүк-чыгышынан жүздөгөн аскерлерин чыгара баштаганын кабарлады.
Гезит эки жогорку даражалуу АКШ өкүлүнө шилтеме кылып бейшемби күнү жарыялаган кабарында, армия түндүк-чыгыштагы сегиз чакан операциялык базасынын үчөөнү жаап, аскерлердин санын 2000ден 1400гө чейин кыскартканын билдирди.
Жетекчилер америкалык командирлердин 60 күндүн ичинде кошумча кыскартууларды жүргүзүү керекпи же жокпу деген суроого баа беришерин маалымдашты.
Бир расмий өкүлдүн айтымында, командирлер Сирияда жок дегенде 500 аскерди калтырууну сунушташкан.
Маалыматта президент Дональд Трамптын Сирияда АКШ аскерлеринин калышына "терең күмөн санап" жатканы айтылды.
Трамп январь айынын аягындагы билдирүүсүндө, Америка күчтөрүнүн чыгарыла турганы тууралуу кабардан кийин «Сириядагы аскерлер темасында баа беребиз» деген.
"Муну ким айтканын билбейм, бирок бул боюнча чечим кабыл алабыз," - деген Трамп Ак Үйдө журналисттерге "Биз Сирияга аралашкан жокпуз. Сирия өз көйгөйлөрү менен алек. Алардын көйгөйлөрү жетиштүү. Биздин аралашуубуздун кереги жок" -деп билдирди.
New York Times гезити азыр башталып жаткан бул кыскартуу талаадагы командирлердин базаларды жабуу жана бекемдөө боюнча сунуштарына негизделгенин, ал кадамдын Пентагон менен Борбордук командачылык тарабынан бекитилгенин кабарлады.