ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Израиль менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотууга дүйнө лидерлеринин реакциясы
Дүйнөлүк лидерлердин бардык тараптарды тынчтыкты сактоо, чыңалуунун күчөшүнө жол бербөөгө жана жарандардын өмүрүн коргоо үчүн дипломатияга артыкчылык берүүгө чакырыгы менен бирге ок атышууну токтотуу сунушу дүйнөлүк державалардын колдоосуна ээ болду.
Израиль менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотууга дүйнө лидерлеринин реакциясы
The regional tension sharply escalated Sunday after the US bombed Iran’s Fordo, Natanz, and Isfahan nuclear facilities. / Anadolu Agency
11 саат мурун

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишими күчүнө киргенин жарыялап, эки тарапты муну сактоого чакырды.

Шейшемби күнү эртең менен өзүнүн Truth Social социалдык медиа платформасында билдирүү жасаган Трамп: “ОК АТЫШПОО КЕЛИШИМИ КҮЧҮНӨ КИРДИ. СУРАНЫЧ, БУЛ КЕЛИШИМДИ БУЗБАГЫЛА!” – деди.

Трамп дүйшөмбү күнү жасаган билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыштагы күчөгөн кагылышуулардын ортосунда Израиль менен Ирандын "толук жана ар тараптуу" ок атышууну токтотууга жетишкенин жарыялаган.

Иран дүйшөмбү күнү АКШнын Катардагы Аль-Удейд аскердик базасына ракеталык сокку урду. Бул окуя АКШнын жекшемби күнү Ирандын үч ядролук объектисине сокку урушунан кийин чыңалуунун олуттуу күчөшүнө алып келди.

Дүйнө жүзүндөгү айрым реакциялар төмөнкүдөй:

Германия

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Х эсебинен АКШнын президенти Дональд Трамптын Израиль менен Ирандын ортосундагы ок атышпоо келишимин колдоп, эки тарапты аны сактоо чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алдып, эки тарапту буга баш ийүүгө чакырды. Мерц : "Эгерде бул ок атышууну токтотуу Ирандын өзөктүк объектилерине каршы АКШнын чечкиндүү аскердик чабуулдарынан кийин ийгиликтүү болсо, анда бул абдан жакшы жылыш болмок", - деди.

Германиянын лидери НАТО саммитинин алкагында АКШ жана Европа өнөктөштөрү менен кырдаалды турукташтыруу жолдорун талкуулай турганын айтты.

Кытай

Кытай чыңалуунун күчөшүнө каршы экенин билдирип, АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган ок атышпоо келишиминин маанисин баса белгиледи.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гуо Жиакун Пекинде өткөн маалымат жыйынында Анадолу агенттигинин суроосуна жооп берип: "Кытай Жакынкы Чыгыштагы окуяларды тыкыр көзөмөлдөп жатат",- деп билдирди жана Пекиндин "тиешелүү тараптарды саясий чечим жолуна кайтууга чакырарын" белгиледи.

Япония

Токиодо жайгашкан Kyodo News агенттигинин маалыматына ылайык, Япония АКШнын президенти Дональд Трамптын Израил менен Ирандын ортосунда күчүнө кирген "толук" ок атышууну токтотуу жөнүндө жарыясын кубаттап, анын ишке ашырылышынан “чоң үмүтү” бар экенин билдирди.

Япониянын министрлер кабинетинин катчысы Йосимаса Хаяши Жакынкы Чыгыштагы абалды чоң кызыгуу менен байкоону уланта турганын жана аймакта тынчтык жана ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн «бардык дипломатиялык аракеттерди» жасай тургандарын айтты.

“Биз мындан аркы өнүгүүлөрдү жогорку кызыгуу менен көзөмөлдөйбүз”, – деди Хаяши журналисттерге. Ал кырдаалды тез арада турукташтыруунун “өтө маанилүү” экенин белгиледи.

Европа Биримдиги

Европа Биримдиги АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган Израиль менен Ирандын ортосундагы ок атышпоо келишимин кубаттап, аны чыңалууну азайтууга багытталган “маанилүү кадам” деп мүнөздөдү.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен X платформасындагы баракчасында: "Европа президент Трамптын ок атууну токтотуу жөнүндөгү билдирүүсүн кубаттайт. Бул чыңалуу күчөгөн аймакта туруктуулукту калыбына келтирүү жолундагы маанилүү кадам. Бул биздин жалпы приоритетибиз болушу керек", - деп билдирди.

Россия

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын Израиль менен Ирандын ортосундагы ок атышпоо келишимин колдой турганын, бирок анын узакка созуларын айтуу кыйын экендиигн билдирди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us