Киевде АКШнын аскердик жардамдарынын улантылышына байланыштуу тынчсыздануулар күчөп турган кезде Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын абадан коргонуусун бекемдөө үчүн бирдикте иштешүү тууралуу келишкендерин айтты.
Зеленский Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин социалдык медиада жарыялаган билдирүүсүндө: “Абадан коргонуу тууралуу мүмкүнчүлүктөрдү сүйлөштүк жана асманыбызды коргоону күчөтүү үчүн биргеликте иштегенге чечим чыгардык”,- деди.
Axios басылмасы, аты аталбаган украиналык расмий өкүлгө жана сүйлөшүү тууралуу маалыматы бар булакка таянып, Трамптын Зеленскийге Россиянын күч алган кол салууларынан кийин Украинага абадан коргонуу боюнча жардам берүүнү каалаганын айтканын кабарлады.
Булактардын билдиргенине караганда сүйлөшүү 40 мүнөткө созулду.
Axios маалыматына ылайык бир булак Трамп Зеленскийге эгер бар болсо Украинага жөнөтүлө турган АКШ куралдарынын кайсынысынын күттүрүлгөнүн текшешерин билдиргенин айтты.
Зеленский Трамп менен өткөргөн телефон аркылуу “абдан маанилүү жана түшүмдүү” сүйлөшүү өткөргөнүн, АКШны Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, согуш талаасындагы окуяларды, абадан коргонуу маселелерин жана биргелешкен аскердик өндүрүштү талкуулашкандарын айтты.
Зеленский X платформасынан :"Биз Украина катары көрсөтүлгөн бардык колдоолорго ыраазыбыз. Бул колдоо бизге өмүрдү сактоого, эркиндигибизди жана көз карандысыздыгыбызды коргоого жардам берет. Биз өлүмдү токтотуу жана адилеттүү, туруктуу жана кадыр-барктуу тынчтыкты кайра орнотуу үчүн бардык аракеттерди колдойбуз. Эң негизгиси тынчтык келишими керек",- деп билдирди.
Биргелешкен курал долбоорлоруна даярдык
Эки лидер, айрыкча, Россиянын акыркы аба чабуулдары жана фронттогу окуялар тууралуу сүйлөшүштү.
“Президент Трампка абдан жакшы маалымат берилиптир жана Украинага көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирем,” – деди украин президенти.
Зеленский сүйлөшүүдө биргелешкен өндүрүш жана коргонуу тармагындагы кызматташтык, айрыкча дрондор жана тиешелүү технологиялар боюнча да сөз болгонун айтты.
“Биз АКШ менен түз долбоорлорго даярбыз,” – деген Зеленский бул долбоорлордун коопсуздук жактан “абдан маанилүү” экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле алар өз ара сатып алуулар, инвестициялар жана АКШ менен эл аралык өнөктөштөр менен кеңири дипломатиялык кырдаал тууралуу да сүйлөшүштү.
Бул сүйлөшүү Трамптын Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн бир күн өткөндөн кийин болду. Трамп бул сүйлөшүүдө согушту токтотуу боюнча эч кандай жылыш болбогонуна капа болгонун билдирген.