ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШнын президенти Трамп Сауд Арабияда келишим түзүүнү максат кылуу менен Булуң саякатын баштады
Сауд Арабиясы менен Америка Кошмо Штаттары ондогон жылдар бою бекем байланышта болуп келишкен, бул байланыш королдуктун мунай менен камсыз кылышына жана супер державанын коопсуздукту камсыз кылышына негизделген бекем келишимге негизделген.
АКШнын президенти Трамп Сауд Арабияда келишим түзүүнү максат кылуу менен Булуң саякатын баштады
/ AP
13 Май 2025

Дональд Трамп шейшемби күнү Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерин да камтыган Перс булуңу сапарынын биринчи аялдамасы болгон Сауд Арабияга барды. Жакынкы Чыгыштын кризис болгон аймактарына байланыштуу келишимдердин түзүлүшү кыйындай көрүнсө да Трамптын ишкердик келишимдерге басым жасап жатканы айтылууда.

Тесланын башкы директору жана Трамптын кеңешчиси Илон Маск баш болгон негизги америкалык ишкерлерден турган делегация менен саякаттаган Трамптын биринчи аялдамасы Эр-Рияд болду. Бул жерде өтүүчү Сауд-Америка инвестиция форумуна катыша турган Трамп шаршемби күнү Катарга, бейшемби күнү Бириккен Араб Эмирликтерине барат.

Сауд Арабиянын инвестициялар боюнча министри Халид аль-Фалих форумдун ачылышында: "Энергетика карым  - катнашыбыздын  негизги элементи болууну улантууда. Ал  эми королдуктагы инвестициялык жана ишкердик мүмкүнчүлүктөр экспоненциалдуу түрдө өстү", - деди.

Ал Трамп келгенге чейин жасаган билдирүүсүндө :”Жыйынтык катары саудиялыктар менен америкалыктар күчүн бириктиргенде абдан жакшы нерселер болот; көп учурда бул биргелешкен аракеттер чоң ийгиликтерге алып келет", - деп кошумчалады.

Сауд-Америка инвестициялык форуму Америка Кошмо Штаттары менен королдуктун ортосундагы эзелтен бери келе жаткан мамилени даңазалаган бүркүттөр жана шумкарлар тартылган видеотасма менен башталды.

Чоң залдын алдыңкы катарларында BlackRock компаниясынын башкы директору Ларри Финк, Blackstone компаниясынын башкы директору Стивен А. Шварцман, казына министри Скотт Бессент, Сауд Арабиясынын каржы министри Мухаммед Аль-Жадаан жана Халид аль-Фалих орун алышты.

Сауд Арабия менен Америка Кошмо Штаттары ондогон жылдар бою бекем карым  - катнашын сактап келет.  Бул байланыштар королдуктун мунай менен камсыз кылып, супер державанын коопсуздукту камсыздаган узак мөөнөттүү келишимине негизделген.

 Ыктымалдуу Түркия сапары жана Ирандын атомдук сүйлөшүүлөрү

 Трамп бейшемби күнү Түркияга сапар менен келип Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин арасында бетме  - бет сүйлөшүү ыктымалын да күн тартибине алып келди.

Трамп кайрадан кызматка киришкенден кийинки биринчи чет өлкө сапарын  Папа Францисктин жаназасы үчүн Римге жасап,   чет өлкөгө жасаган бул экинчи  сапары геосаясий чыңалуу күчөгөн мезгилге туш келди.

Трамп башкаруусу Украинадагы согушка чечим табуу менен бирге, согушта талкаланган Газа үчүн жаңы жардам механизмин түзүүнү жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жаңы ок атышпоо келишимин кабыл алууга мажбурлоону көздөөдө.

Жуманын акырында АКШ менен Ирандын сүйлөшүүчүлөрү Тегерандын өзөктүк ишмердүүлүгүн чектөө боюнча мүмкүн болгон келишимди талкуулоо үчүн Оманда жолугушту.

Трамп эгер дипломатиядан майнап чыкпаса, Иранга каршы аскердик чара көрүлөөрүн айтып коркуткан.

Бирок Түркияга жасала турган кошумча сапардан тышкары, бул маселелер Трамптын Жакынкы Чыгыш сапарынын учурдагы программасында негизги багыт эмес.

 

 

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us