Киев орус дрондору жана ракеталык кол салулуарына карата даярдык көрүүдө. б Украинанын борбор шаары Киевдин мэри Виталий Кличко жардыруулардын Киевде болгонун билдирди.
Кличко : "Борбор шаарда жардыруулар болду. Абадан коргонуу системалары иштеп жатат. Шаар жана аймак душмандын биргелешкен чабуулу астында", - деп билдирди Telegram каналынан.
Кличко кол салууда кеминде сегиз адамдын жаракат алып, алардын экөө ооруканага жеткирилгендигин жана башка жаралуулардын окуя болгон жерде дарылангандыгын айтты.
Украинанын аба күчтөрү борборго баллистикалык ракеталар багытталгандыгы тууралуу эскертти.
Борбор шаардын жарандык жана аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Святошин районунда эки өрт, Оболон районуна ракета сыныктарынын түшкөнү жана Соломенский районунда турак жайга дрон сыныктарынын түшкөнү катталганын билдирди.
Жетекчилердин билдиргенине караганда жума күнү Одесса порт шаарында орус ракеталары эки адамды өлтүрүп, бир нече адамды жаралаган.
Орус аскерлери Украинанын шейшемби күндөн бери 788 учкучсуз учуучу аппарат жана ракета менен чабуул жасаганын, алардын 776сынын атып түшүрүлгөнүн билдирди.
‘1,000-ге 1,000 алмашуу’
Ишемби күнкү кол салуулар Украина менен Россия жума күнү чоң аскер туткундарын алмашууну баштагандан кийин болду. Эгерде аягына чыкса, бул алмашуу Россия-Украина согушу башталгандан берки эң чоң алмашуу болот.
Эки тарап тең биринчи этапта 390 адамдан кабыл алышты жана өткөн аптада Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүлөрдүн алкагында жетишилген келишимге ылайык, жалпысынан 1000ден адам алмашуусу күтүлүүдө.
Орусия туткун алмашуу аяктагандан кийин Украинага тынчтык келишиминин шарттарын жөнөтөрүн билдирди. Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жума күнү билдиргендей, Москва Стамбулда башталган дипломатиялык жолду улантууга даяр.
Лавровдун айтымында, “миңге миң” формуласы боюнча туткун алмашуу Россия менен Украинанын үч жылдын ичинде түз жетишкен биринчи макулдашуусу болуп саналат.
“"Биз даярдык иштерин аяктап жатабыз", - деген Лавров, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин долбоор документинин сунушталаарын кошумчалады.
Ошондой эле ал эл аралык реакцияга нааразычылыгын билдирди. “Украинанын жарандык объектилерге жасаган чабуулдарына жана согуш эрежелерин бузушуна БУУнун реакциясын күтүп жатабыз,” - деди.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөр туткундарды алмашуу сыяктуу гуманитардык аракеттерге багытталган милдеттенмелерди камтыган алдын ала жылыштарга жетишкен.