Түркиянын ортомчулугунда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү Украина менен Орусиянын 2022-жылдын февраль айында башталган согуштан бери эң чоң туткундарды жана сөөктөрдү алмаштырууну ишке ашыруу үчүн маанилүү келишимге жетишкенин тастыкташты.
“Оор жаракат алган жана оорулуу согуш туткундарын алмашуу боюнча макулдаштык. Экинчи категорияга болсо 18ден 25 жашка чейинки жаш жоокерлер кирет”, – деп билдирди Украинанын коргоо министри Рустем Умеров дүйшөмбү күнү өткөргөн маалымат жыйынында.
“Ошондой эле 6 миң жоокердин ордуна 6 миң шейит жоокердин сөөгүн кайтарып берүү боюнча макулдаштык», - деген Умеров келишимде белгиленген санга эмес, конкреттүү категорияларга көңүл бурулганын, бирок анын гуманитардык өңүтү ачык экенин баса белгиледи.
Умеров Киевдин кеңири талаптарын дагы бир жолу кайталап: “Биз бардык туткундардын бошотулушун жана барымтага алынган балдарыбыздын кайтарылышын талап кылабыз”, – деди.
Орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский да бул келишимди тастыктады.
Журналисттерге берген маегинде: “Москва менен Киев ор жаракат алгандарды жана 18ден 25 жашка чейинки жаш жоокерлерди камтыган согуш туткундарынын эң чоң алмашуусу боюнча макулдашты”, – деди.
Ал ошондой эле Москва 6,000 украиналык жоокердин сөөгүн кайтарарын кошумчалады.
Келишим Стамбулдагы Чыраган сарайында өткөн сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасында жыйынтыкталып, Түркиянын ортомчулук аракеттери эки тарапты дагы бир жолу жакындатты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский да Москва менен Киев туткундарды алмашуунун жаңы айлампасы боюнча макулдашканын жарыялады.
Литванын борбор шаары Вильнюста маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Зеленский Стамбулдагы Чыраган сарайында өткөн жолугушууда делегациялар Түркия аркылуу документ алмашышканын айтты. «Биз согуш туткундарын бошотууга даярдык көрүп жатабыз», - деди.
Анкара согуштун алгачкы жумаларынан бери Антальядагы жана Стамбулдагы Долмабахче Президенттик кеңсесин да камтыган бир катар маанилүү дипломатиялык жолугушууларды өткөрдү.