Reuters агенттигинин жергиликтүү APA маалымат агенттигине таянып берген кабарына караганда, Австриянын Грац шаарындагы мектепке жасалган кол салууда кеминде тогуз киши каза таап, бир нече киши жаракат алды.
Австриянын мамлекеттик маалымат каражаты ORF шейшемби күнү билдиргендей, окуучулар менен мугалимдер болгон бир нече адам оор жаракат алган. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кол салуучунун окуучу экендииг жана өз жанын кыйгандыгы билдирилди.
Полиция дагы бир орто мектеп жайгашкан көчөдө операциянын уланып жатканын, бирок азырынча комментарий бере албай тургандыгын билдирди.
Грац шаарындагы полиция шейшемби күнү мектепте болгон окуя тууралуу чакыруу алгандан кийин окуя болгон жерге чоң күчтүн жөнөтүлгөндүгүн жана курал үндөрүнүн угулгандыгын белгиледи.
Полициянын катчысы Сабри Йоргун саат 10:00дө келген чакыруудан кийин атайын к.чтөрдүн да мектептин имаратына жиберилгендигин жана жетекчилердин окуянын чоо - жайын түшүнүүгө аракет кылгандыгын айтты.
Австриянын түштүк чыгышында жайгашкан жана болжол менен 300 000 калктуу Грац шаары өлкөнүн экинчи эң чоң шаары.