ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түштүк Кореядагы сел апааты: Ли эң көп жабыркаган аймактарды "кырсык болгон аймак" деп жарыялады
Түштүк Кореяда катуу жаандан улам 19 адамдын каза болушу, 2549 адамдын үй-жайын таштоого аргасыз болушу менен алты район өзгөчө кырдаал аймагы деп жарыяланды.
Түштүк Кореядагы сел апааты: Ли эң көп жабыркаган аймактарды "кырсык болгон аймак" деп жарыялады
/ Reuters
23 Июль 2025

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ-мён бир нече күндүк катуу жааган жамгырдан кийин өлкөнүн айрым аймактарында кыйроолор болуп, алты районду “өзгөчө кырсык аймагы” деп жарыялады.

Азыркы учурда жаан - чачын басаңдаса да шейшемби күнү маалымат каражаттары Түндүк Кореянын айрым аймактарында азыр да жаан - чачындын уланып жатканын билдиришти.

Түштүк Кореянын Ички иштер жана коопсуздук министрлигинин маалыматы боюнча, шейшемби күнү эртең менен өлкөдө 19 адам каза болуп, тогузу дайынсыз жоголгон, 2549 адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Министрлик ошондой эле үйлөр, дүкөндөр жана завод - фабрика сыяктуу 3776га жакын объектидеги сууну, таштандыларды жана топуракты тазалоо керектигин билдирди.

Президент Линин Сеулдун чет жакасындагы Гапеёнг да аталган аймактарды өзгөчө кырдаал аймагы деп жарыялоосу жетекчилерге жабыркагандарга жардам берүү үчүн тез административдик жана каржылык колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

Ли буга чейин мамлекеттик кызматкерлерге дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринде “бардык күч-аракетти жумшоо” керектигин айткан.

Өткөн аптада Realmeter өткөргөн сурамжылоого ылайык, президент Линин рейтинги жамгыр учурунда 64,6 пайыздан 62,2 пайызга төмөндөгөн.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us