Президент Дональд Трамп кээ бир өлкөлөргө, анын ичинде Африка жана Кариб сыяктуу кичинекей өлкөлөргө 10 пайыздан ашкан импорттук тарифтерди киргизүүнү пландап жатканын билдирди. Ал эми Индонезия менен түзүлгөн келишимге ылайык өлкөдөн АКШга кирген товарларга 19 пайыздык бажы төлөмү киргизилээрин жарыялады.
Трамп шейшемби күнү журналисттерге: "Балким алардын баарына бирдей тариф киргизебиз" деп айтып, кеминде 100 өлкөдөн келген товарларга "10 пайыздан бир аз ашык" жалпак ченди сунуштады.
Бул тарифтер 1-августтан тарта күчүнө кирет деп күтүлүүдө.
Соода министри Ховард Лутник сөз болуп жаткан өлкөлөрдүн негизинен Африка менен Кариб аймагында жайгашканын, алар АКШнын соодасынын салыштырмалуу аз үлүшүн түзөрүн жана мунун Трамптын соода дисбаланстарын азайтуу боюнча кеңири максатына олуттуу таасир этпей турганын айтты.
Индонезия темасында Трамп келишим башында белгилеген 32 пайыздык көрсөткүчтөн бир топ эле төмөн экенин айтты.
"Келишимдин алкагында Индонезия АКШнын 15 миллиард долларлык энергетикалык өнүмдөрүн, 4,5 миллиард долларлык айыл чарба продукциясын жана 50 Boeing учагын, негизинен 777 учактарын сатып алууга милдеттенди", - деп жазды Трамп Truth Social баракчасына.
Трамп келерки айда күчүнө кире турган тарифтер боюнча жыйырмага жакын өлкөгө жана Европа Биримдигине кат жөнөткөн.
Тарифтердин акыркы толкуну Трамптын апрель айында рыноктун туруксуздугуна алып келген тарыхый жогорку импорттук салыктар жөнүндөгү жарыясынан кийин болду.
Трамп ал кезде баштаган 90 күндүк сүйлөшүү мөөнөтү 9-июлда аяктаган.
Президент ошондой эле айдын аягына чейин дары-дармек импортуна жаңы тарифтер киргизилиши мүмкүн экенин жана бул тема боюнча атайын билдирүү жасаларын айтты.