Палестина тектүү Америка жараны оккупациядагы Батыш Шериада израилдик отурукташуучулардын кол салуусунда каза болду. Кол салуу каза болгон кишинин үй - бүлөсү жана түрдүү маалымат булактары тарабынан ырасталды.
Аль - Мазраа еш - Шаркия айылындагы туугандарына барган 23 жаштагы Сейфуллах Мусаллет Рамалланын түндүгүндөгү Синжил шаарына жакын жерде эс учун жоготконго чейин сабалды. Үй - бүлөсү израилдик отурукташуучулардын тез жардам унаасынын келишине бөгөт болгонун билдиришти. Мусаллет ооруканага барганда оор жаракаттан улам каза болду.
Мусаллеттин туулган айылынын тургуну Абдул Самад Абдул Азиз Times of Israel басылмасына берген билдирүүсүндө : “Жаракат алган бойдон төрт саат жатты. Армия ага жетүүгө жана алып кетүүбүзгө тоскоол болду”,- деди.
Ошол эле кол салууда Мухаммад Ризк Хусейн аль-Шалаби аттуу киши да каза болду. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аль - Шалаби атылды жана окуя болгон жерде кансырап өлүмгө ташталды.
Израиль аскерлери бул окуяны иликтеп жатканын билдиришти. Алардын айтымында, бул "катуу кагылышуу" учурунда болгон, анда өрт коюу, мүлктү талкалоо жана физикалык кагылышуулар болгон. Бирок, азырынча эч ким кармала элек.
АКШнын Мамлекеттик департаменти оккупациядагы Батыш Шериада АКШ жаранынын өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу кабарларынын бар экендигин ырастады. Департамент: "Биз үчүн чет өлкөлөрдөгү АКШ жарандарынын коопсуздугу эң жогорку артыкчылыкка ээ”,- деп билдирди бирок, үй-бүлөнүн купуялуулугу үчүн кошумча комментарий берген жок.
Флоридада төрөлүп, Порт-Шарлотто чоңойгон Мусаллет июнь айынан бери Палестинада жүргөн. Туугандары "жумшак, боорукер" адам деп эскерген Мусаллет АКШдагы үй-бүлөлүк балмуздак дүкөнүн иштетүүгө жардам берип жаткан. "Аны баары жакшы көрчү," – деп билдирди тууганы Фатма Мухаммад.
Окуядан кийин тартылган кадрларда аза күтүүчүлөрдүн коштоосунда Палестинанын желегине оролгон Мусаллеттин сөөгү көчөдө ташылып баратканын көрүүгө болот.
Жергиликтүү булактардын маалыматы боюнча, мыйзамсыз отурукташкан сионисттер Синжилдин жанындагы жаңы конуштун курулушуна каршы чыккан палестиналыктарга кол салышкан. Палестиналык маалымат каражаттары кол салуу учурунда тез жардам унаасынын терезелери талкаланганын билдиришти.
БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгынын (OCHA) маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь айынан бери палестиналыктарга жана алардын мүлкүнө каршы отурукташуучулардын 2000ден ашуун кол салуусу катталган. Бул жылы ушундай эле окуяларда 350дөн ашуун палестиналык жаракат алган.
Мусаллет 2023-жылдын 7-октябрынан бери бул аймакта каза болгон жетинчи америкалык болуп саналат. Каза болгондордун алтоосуна Израиль күчтөрү себеп болгон. Палестина бийлигинин маалыматы боюнча, ошол убакыттан бери Батыш Шериада 950дөн ашуун палестиналык каза болду.