АКШнын президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог дүйшөмбү күнү Киевде коопсуздук жана Орусияга каршы санкцияларды талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак кабарлады.
Дүйшөмбү күнү Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө Ермак: «Украина менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, коргонуу, коопсуздукту жогорулатуу, курал-жарак, санкциялар жана элибизди коргоо сыяктуу көптөгөн темаларды талкуулайбыз»,-деди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшемби күнү кечинде элге кайрылуусунда, украин аскерлерине Келлогго Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана Украинанын коргонуу жөндөмдүүлүгү тууралуу маалымат берүүнү тапшырганын билдирди.
Зеленский Келлогдун Украинанын Коопсуздук кызматынын жана чалгындоо кызматтарынын жетекчилери менен да жолугуша турганын айтты.
“Сүйлөшүүлөр бир жума бою уланат,” – деген Зеленский АКШнын Орусияны тынчтыкка мажбурлоо үчүн эмне кылса болорун толук түшүнүүсүн каалаганын баса белгиледи.
Трамп жекшемби күнү Орусиянын күчөп бараткан чабуулдарын токтотуу үчүн Украинага Patriot абадан коргонуу ракеталарын жөнөтөрүн жарыялаган.
Ошондой эле Axios басылмасы эки булакка таянып, Трамптын Украинага чабуулчу куралдарды берүү боюнча жаңы планын жарыялары күтүлүп жатканын кабарлады. Бул анын мурдагы позициясынан кескин айырмаланат.