МАДАНИЯТ
2 мүнөт окуу
Түрк өнөрпоздору Занзибардын көгүлтүр экономикасын искусство менен жандандырууда
Занзибар акыркы жылдары экзотикалык жана адаттан тыш багыттарды издеген туристтердин сүйүктүү жерине айланды.
Түрк өнөрпоздору Занзибардын көгүлтүр экономикасын искусство менен жандандырууда
/ TRT World
27 Февраль 2025

Балыкчылык киреше булагы болгон Занзибар аралында түрк кайрымдуулук уюму Үмүт Сенсиң коому, деңиз жээгиндеги экономиканы жандандыруу жана өзгөчө аялдарды кайрадан балыкчылыкка тартуу максатында жапон искусствосу Гётакуну жайылтууда.

Инди океанындагы Танзаниянын жээгинде жайгашкан Занзибар акыркы жылдары экзотикалык жана адаттан тыш багыттарды издеген туристтердин сүйүктүү жерине айланды. Эки негизги аралдагы туристтик жайлар күнүмдүк жашоо толкундардын ритми менен чырмалышкан бейпил атмосфера менен айкалышып, туристтерге уникалдуу тажрыйба тартуулайт.

Занзибар Түркия менен терең байланышы бар президент Хусейн Али Мвини тарабынан башкарылууда. Президент Мвинйи Түркияга болгон жакындыгын «жарым түрк» деп мүнөздөп, эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү карым-катнаштарга басым жасоодо.

Бир кезде Европа менен Азиянын ортосундагы сооданын маанилүү аялдамасы болгон Занзибар 19-кылымдын ортосуна чейин деңиз жана соода борбору катары өнүккөн. Бирок Суэц каналынын ачылышы менен бул жол өзгөргөн. Бүгүнкү күндө негизги татымал өндүрүүчүсү болгонуна карабастан жетишсиз инфраструктура жана мүмкүнчүлүктөр, Занзибарга балык уулоо жана деңиз тармагында өзүнүн "көгүлтүр экономика" потенциалын толук ишке ашырууга тоскоол болууда.

Искусство менен өнөр бирге

2012-жылдан бери Үмүт Сенсиң коому, Занзибардагы балыкчылардын көйгөйлөрүнө чечим табуу жана көгүлтүр экономиканы жандандыруу үчүн искусствонун дарылык күчүн колдонуп келет. Танзаниянын Research Implementation Impact (RIE) менен биргеликте Самаки искусство долбоорун ишке киргизген бирикме, Занзибардын балыктарын Гётаку искусствосу аркылуу көрсөтүүдө.

Гётаку – күрүч кагазына балыктар сүрөттөлгөн жапон салттуу өнөрү. Адегенде жапон балыкчылары тарабынан балык уулоо сандарын каттоо үчүн колдонушкан бул ыкма азыр искусствонун бир түрүнө айланган.

Үмүт Сенсиң коомунун негиздөөчү орун басары Эмрах Энгин, Самаки проектисинин Гётаку аркылуу Занзибардын балыкчылык өнөр жайын жандандырууну жана жергиликтүү балыкчы үй-бүлөлөрүн өнөр жайга интеграциялоону максат кылганын айтты.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us