Ишемби күнү Ирандын түштүгүндөгү Бандар-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи (Шейит Ражаи) портунда катуу жарылуу болду. Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, жардыруудан кеминде 115 киши жаракат алды.
Жарылуу Ирандын Оманда АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасын баштаган учуда болду бирок жарылуунун себеби азырынча азырынча тактала элек.
Мамлекеттик телекөрсөтүүгө маалымат берген жергиликтүү бир кризисти башкаруу жетекчиси: "Бул окуянын себеби Шахид Ражаи порту аймагында сакталган бир нече контейнердин жарылуусу болду. Учурда биз жабыркагандарды эвакуациялап, медициналык борборлорго жөнөтүп жатабыз", - деди.
Жарым расмий Tasnim агенттиги өрттү өчүрүү үчүн порттогу иш-аракеттердин токтотулганын жана порт жумушчуларынын көптүгүнөн улам "көп сандаган адам жараланып, атүгүл каза болушу мүмкүн экендигин" белгиледи.
Иран маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, жарылуу бир нече чакырым аралыктагы терезелерди талкалап, жарылуудан кийин жарыяланган видеолор козу карын сымал булуттардын пайда болгонун көрсөтүүдө.
2020-жылы ушул эле порттун компьютердик системалары киберчабуулга дуушар болуп, бул абал суу жолдорунда жана портко алып баруучу жолдордо чоң тыгындарды жараткан. The Washington Post гезити бул окуянын артында буга чейин Иран тарабынан жасалган кибер чабуулга жооп кайтаруу максатында кыймыл кылган Израилдин болушу мүмүкн экендигин белгилеген.