АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) аэропорттордогу текшерүү программасы Кытайда вирустун кескин көбөйүшү менен байланышкан жана Азиянын бир нече аймактарына жайылган COVID-19дун жаңы NB.1.8.1 вариантынын бир нече учурун аныктады.
CBS News бейшемби күнү билдиргендей, CDCнин аэропорттук тестирлөө боюнча өнөктөшү Ginkgo Bioworks компаниясынан алынган маалыматтар боюнча, Калифорния, Вашингтон штаты, Вирджиния жана Нью-Йорк шаарындагы аэропортторго келген эл аралык жүргүнчүлөрдүн арасында NB.1.8.1 варианты менен ооругандар аныкталган.
Жакында Глобалдык грипп маалыматтарын бөлүшүү демилгесинин (GISAID) базасына жарыяланган секвенциялык маалыматтар NB.1.8.1 учурлары Япония, Түштүк Корея, Франция, Таиланд, Нидерланд, Испания, Вьетнам, Кытай жана Тайван сыяктуу бир нече өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдөн чыкканын көрсөттү.
Маалыматтарга ылайык, бул жүргүнчүлөр 22-апрелден 12-майга чейин текшерилген.
Жугуштуу
Огайо, Род-Айленд жана Гавайи сыяктуу башка штаттардын саламаттыкты сактоо органдары да аэропорттордогу текшерүүлөрдөн тышкары NB.1.8.1 вариантынын учурларын билдиришкен.
Калифорния жана Вашингтон штаттарында бул варианттын алгачкы учурлары март айынын аягында жана апрель айынын башында аныкталган.
Учурда Кытайда үстөмдүк кылып, Азиянын айрым аймактарына жайылып жаткан NB.1.8.1 варианты Гонконгдо жана Тайванда COVID-19 учурларынын жана ооруканага жаткыруулардын көбөйүшүнө алып келди.
Олуттуу ооруларга алып келбегени айтылса да бийликтер эл көп жерлерде бет кап кийүүнү сунуштап, вакцина жана дары-дармек менен камсыздоону көбөйтүүнү сунуштоодо.
Эрте изилдөөлөр варианттын адам клеткаларына күчтүү жабышуусунан улам жугуштуу экендигин көрсөтүүдө бирок башка штаммдарга салыштырмалуу иммунитетке көп таасирин тийгизбей тургандыгын ортого салууда.