ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Украина менен Россия 2022-жылдан бери биринчи жолу Стамбулда түздөн түз сүйлөшүүлөрдү өткөрөт
Украина делегациясына Зеленскийдин жетекчилик кылуусу күтүлүп жаткан болсо, орус делегациясына Путиндин негизги кеңешчилеринин бири жана 2022 - жылдагы сүйлөшүүлөргө да катышкан мурдагы маданият министри Владимир Мединский жетекчилик кылат.
Украина менен Россия  2022-жылдан бери биринчи жолу Стамбулда түздөн  түз сүйлөшүүлөрдү өткөрөт
/ Reuters
14 саат мурун

Согушуп жаткан атаандаштар Украина менен Россия үч жылдан ашуун убакыттан бери биринчи жолу түздөн түз сүйлөшүүлөргө даярданууда. Бирок бул сүйлөшүүлөргө  Россиянын президенти Владимир Путин катышпайт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү Стамбулда Путин менен бетме  - бет сүйлөшүүгө чакырган. Бирок орус делегациясынын курамында  төмөнкү деңгээлдеги топ бар.

Украиналык бир жетекчи Түркияда бейшемби күнү Россия менен баштала турган сүйлөшүүлөрдүн качан башталары тууралуу келишимдин түзүлбөгөндүгүн белгилеп орус медиасынын кабарларын төгүнө чыгарды.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жетекчиси Андрей Коваленко Telegram тиркемесиндеги билдирүүсүндө, сүйлөшүүлөрдүн эртең мененки саат 10:00дө (10:00 Түркия убактысы боюнча) башталат деген маалымат тууралуу "пландаштырылган эмес жана туура эмес" деп билдирди.

2022 -  жылы февраль айында башталган кол салуулардан бери он миңдеген киши каза болду. Россия Украина жерлеринин дээрлик бештен бир бөлүгүн басып алды жана бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң жаман кагылышуулардын бири катары кабыл алынууда.

Путин Украина жана Европа өлкөлөрүнн  30 күндүк шартсыз ок атышпоо чакырыгына жооп катары өткөн аптада  15 -  майда Стамбулда сүйлөшүүнү сунуш кылган.

Зеленский бул сунушту кабыл алды бирок бул аптада берген билдрүүсүндө Путиндин жеке өзүнүн катышпашы тынчтыкты каалабагандыгын көрсөтөрүн айтты.

«Бул анын согушу... Ошондуктан сүйлөшүүлөр аны менен жүргүзүлүшү керек»,- деди. Кремлдин делегациясын Путиндин катаал саясатты жактаган кеңешчиси жана мурдагы маданият министри Владимир Мединский жетектейт. Мединский 2022-жылдагы сүйлөшүүлөргө да катышкан.

Буга чейин Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетекчилик кылган башкы сүйлөшүүчүлөр катары аты аталган Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков Кремлдин делегациясынын тизмесинде орун алган жок.  

Европанын санкция тууралуу эскертүүсү

Мединский Россиянын Украина боюнча тарыхый дооматтарын ырастаган таасирдүү фигура катары каралууда.

Калган үч сүйлөшүүчү Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Коргоо министринин орун басары Александр Фомин жана Россиянын ГРУ аскердик чалгындоо агенттигинин директору Игорь Костюков экени белгилүү болду.

Европа лидерлери Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпаса, Россияга ылдам түрдө жаңы санкцияларды киргизе тургандарын билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Зеленский Москванын атынан кимдин катышарына карата Украинанын кийинки «кадамдарын» белгилей тургандыгын айтты.

Зеленский: "Украина бардык сүйлөшүү форматтарына даяр жана жолугушуулардан коркпойбуз. Эртең Түркияга Россиядан кимдин келерин көрүү үчүн күтүп жатам. Андан кийин Украина кандай кадамдарды жасашы керектиги жөнүндө чечим чыгарам", - деди.

Россия сүйлөшүүлөрдүн кагылышуунун «негизги себептерин» карап чыгуу керектигин жактап жатат. Буга Украинаны "нацисттерден тазалоо" жана куралсыздандыруу да кирет.

Өзгөчө Украина орус аскерлери басып алган аймактардан баш тартышы керектигин дагы бир жолу кайталады.

Киев өз аймактарын Россияга таандык деп тааныбай турганын билдирди. Бирок Зеленский Украинанын бул аймактарды дипломатиялык жол менен гана кайтарып ала аларын моюнга алды.

АКШнын тышкы иштер министри Марко Рубио жума күнү Стамбулда болот. Рубио шаршемби күнү Түркиядагы бир НАТО жыйынында Украинанын тышкы иштер минисри Андрей Сибига менен жолугушат.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо шаршемби күнү Түркияда ортомчулук ролун аткара аларын белгиледи.

Трамп Жакынкы Чыгыш турунда өзүн коштогон журналисттерге : «Мен ал жерде болбосом Путиндин болорун ойлобоймун»,- деди.

«Ал жерде болушумду каалаганын билемин жана бул бир ыктымал. Согушту токтото алсак бул тууралу ойлоном»,- деди.

Иликте
Трамп 2028-жылы Обама менен ат салышууну "абдан каалаарын" айтты
Кытайдын аскердик күчтөрү  Тайвандын айланасында чоң масштабдуу машыгууларды баштады
Франция соту Марин Ле Пенди коррупция боюнча айыптуу деп тапты
Трамп үчүнчү мөөнөткө президент болуу жолдорун карап жатат
Трамп : «TikTok сатуу үчүн 5 -  апрелге чейин көп сандаган потенциалдуу алуучу бар»
Кытай, Түштүк Корея жана Япония Трамптын тарифтерине каршы эркин сооданы бекемдөө чечимин чыгарды
АКШ Индо-Тынч океан аймагында Кытайга каршы күрөшүүдө Японияны маанилүү өнөктөш деп эсептейт
Мьянмадагы жер титирөө мечиттерди талкалап, жүздөгөн мусулмандардын өмүрүнө коркунуч жаратты
Сирияда Шара жаңы өкмөттү жарыялады
Орус дрондору Украинаны бутага алды, курмандыктар катталды
Израиль Газада тез жардам унааларын бутага алгандыгын кабыл алды
Индия кагылышуу учурунда көп сандаган маочу козголоңчуну өлтүрдү
Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр боюнча катына жооп берди
Интерпол босниялык  серб лидер Додик үчүн камоо ордерин чыгарды
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
TRT Global каналына көз чаптырыңыз. Пикириңиз менен бөлүшүңүз!
Contact us