Иран Сауд Арабия менен бардык тармактарда алакаларды кеңейтүүгө даяр экенин айтты.
Бул билдирүү шаршемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи саудиялык кесиптеши ханзаада Файсал бин Фарханга жөнөткөн кайрылуусунда айтылды.
Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, билдирүүнү Ирандын Эр-Рияддагы элчиси Алиреза Энаяти Сауд Арабиянын тышкы иштер министринин орун басары Валид бин Абдул Карим Аль Хурейжиге жеткирди.
Билдирүүдө "бардык тармактарда мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо" темасына басым жасалганы маалымдалды.
Иран менен Сауд Арабиянын ортосундагы дипломатиялык өкүлчүлүк 2016-жылы үзүлгөндөн кийин 2023-жылдын сентябрында кайра жанданган.
2023-жылдын 10-мартында Пекинде Кытайдын ортомчулугунда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Сауд Арабия менен Иран дипломатиялык мамилелерди калыбына келтиргенин жарыялашкан.
Эр-Рияд 2016-жылы Ирандын борбору Тегерандагы элчилигине жана түндүк-чыгыш шаары Мешхеддеги консулдугуна жасалган кол салуулардан кийин Иран менен мамилелерди үзгөн. Бул кол салуулар Сауд Арабия белгилүү шийит аалымы Нимр аль-Нимрди "терроризмге байланыштуу айыптар" боюнча өлүм жазасына тарткандан кийин болгон.